Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Баткен: Чек ара маселесин көтөргөн депутатка жаңы айыптар коюлду


Сапарали Бөрүбаев.
Сапарали Бөрүбаев.

Баткендин Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин кылмыш ишине дагы бир нече жаңы берене кошулду. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлагандай, ага карата Жазык кодексинин «Тоноо», «Жапырт башаламандык» жана «Бирөөнүн мүлкүн жок кылуу» деген беренелеринин негизинде да сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Бөрүбаев 2012-жылдын 19-22-ноябрь күндөрү Лейлектеги алтын кени бар «Апрельская» тилкесинде «Алаурум» компаниясындагы башаламандыкка тиешеси бар деп шек саналууда.

Ага чейин ал «Ээнбаштык» боюнча шектүү катары кармалган. Буга, милициянын маалыматына караганда, быйыл 12-февралда Катраңдын депутаты Нурдин Дүйшөбаевдин аны Бөрүбаев «эч бир себепсиз коомдук жайда уят сөздөр менен акаарат кылып, жерге жаткырып алып уруп, денесине зыян келтиргенин» айтып арызданганы негиз болгон. Бул иш жыл башында тергеле баштаганы айтылды.

Лейлек райондук соту 15-февралда Бөрүбаевдин бөгөт чарасын карап, аны 14-апрелге чейин камакка алган.

Дүйшөбаев кайра тосмо арыз жазганы кабарланды. Бирок милиция андай арыз тергөөдөгү кылмыш ишине тиркелбегенин билдирди.

Ошону менен катар милиция Бөрүбаевге кысым жасалбаганын, ал Оштогу абакка которулганын кабарлоодо.

Бөрүбаев - «Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы. Бирикменин мүчөлөрү анын камалышын ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат.

«"Мушташты" деген - жалган жалаа. Жергиликтүү кеңештин башка депутаты арыз жазып койгон экен. Чагым кылып, анан айтышып кетишкен экен. Мындайча айтканда, буюртма болуп жатат», - деген «Чек ара» коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Гүлжигит Исаков.

Бөрүбаев - кыргыз-тажик чек арасын аныктоону тездетүү маселесин көтөрүп, бул иште кыргыз бийлигин «чабалдык кылып жатат» деп сындап келаткандардын бири.

24-февралда Бишкекте анын бошотулушун талап кылган пикет өттү. (RK/JsA)

XS
SM
MD
LG