Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Бала бакчанын жетекчиси менен журналисттин тиреши


«Т-Медиа» телеканалынын логотиби.
«Т-Медиа» телеканалынын логотиби.

Оштогу «Т-Медианын» кабарчысы Самара Парпиева «Мөл-Булак» бала бакчасынын мурдагы жетекчиси тарабынан коркутууга кабылганын билдирди. Ал эми аталган бала бакчанын жетекчиси Тургунай Касымова журналист акча талап кылганын айтып, Ош шаардык прокуратурасына кайрылды. 

«Т-Медиа» телеканалынын кабарчысы Самара Парпиева 5-февралда Ош шаарындагы №67 «Мөл-Булак» бала бакчасы тууралуу «Жарандык көзөмөл» көрсөтүүсүн тартып, аны төрт күндөн кийин «Т-Медианын» «Ютуб» каналы аркылуу көрсөткөн.

Журналист бала бакчадагы абал тууралуу программа социалдык тармакка чыккандан кийин коркутуу болуп жатканын билдирди.

Самара Парпиева
Самара Парпиева

«Бала бакчадан съемка тартып келип, ал эфирге чыкканга чейин эле жетекчиси телефон чалган. «Эфирге чыгарбай эле койгула» деп суранган. Көп өтпөй коркутуу башталды. Жолдошума 24-февралда бала бакчанын жетекчисинин баласы экенин айтып, өзүн «Иман» деп тааныштырган киши «алдыңардан өтүп коёлу, аялың менен башкача сүйлөшүп калышыбыз мүмкүн» деп коркутуптур.

«Мөл-Булак» бала бакчасынын жетекчиси Тургунай Касымова журналисттин үстүнөн прокуратурага доо арыз менен кайрылган. Парпиеваны 24-февралда прокуратура кызматкерлери чакырган.

Ош шаардык прокуратурасынын коррупция жана прокуратура мыйзамдарынын аткарылышына көзөмөл бөлүмүнүн улук прокурору Советбек Туленбаев Тургунай Касымова 13-февралда арыз жазганын тастыктап, териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Советбек Туленбаев
Советбек Туленбаев

«Тургунай Касымованын арызында журналист бала бакчада көрсөтүү тарткандан кийин өзүнчө сүйлөшүп турганда акча талап кылганы жазылган. Чын эле ошондой болгонбу, же жокпу - териштирүүдөн кийин гана маалымат бере алабыз».

Бала бакчанын жетекчиси Тургунай Касымова жеке иштери менен алек болуп жатканын айтып, «Азаттыкка» маалымат берүүдөн баш тартты.

«Т-Медиа» телеканалы 2019-жылдын февраль айында эфирге чыга баштаган. Телеканалдын башкы продюсери Нурлан Адаев «Жарандык көзөмөл» көрсөтүүсү буга чейин медициналык мекемелердин, шаардагы аялдамалардын абалы, базардагы коопсуздук, жарандык актыларды каттоо бөлүмдөрүнүн коомчулукка канчалык жеткиликтүү иш алып барып жатканы тууралуу берүүлөр даярдалганын айтты. Нурлан Адаев Оштогу №67 бала бакчадагы абал тууралуу көрсөтүүдө мыйзам бузулбаганын билдирди.

Нурлан Адаев
Нурлан Адаев

«Көрсөтүү мыйзам чегинде даярдалган. Бул ишти «Т-Медианын» жетекчилиги жөн калтырып коюуга моралдык да, юридикалык да укугубуз жок. Мыйзамга таянып иш алып барабыз. Биздин да коргонууга укугубуз бар».

«Т-Медианын» кабарчысынын үстүнөн арыз жазылып, анын прокуратурага чакырылышы Оштогу журналисттер арасында ар кыл пикирлерди жаратууда.

Журналист Хулькар Исамова Кыргызстанда журналисттерди коопсуздук боюнча окутуу зарыл деп эсептейт.

Хулькар Исамова.
Хулькар Исамова.

«Журналисттер коопсуздугубузду кантип сактай алабыз? Сакчы жалдоону мен каалабайт элем. Журналисттик ишмердүүлүгүмдө кыйын учурларда да өзүм жалгыз иштегем. Азыр журналисттин коопсуздугун камсыздаган мекеме жок. Журналисттерге коопсуздук боюнча окуу зарыл болуп турат».

«Т-Медиа» телеканалынын «Жарандык көзөмөл» берүүсүнө Оштогу №67 бала бакчанын абалы тууралуу көрсөтүү чыккандан кийин Ош шаарынын мэриясы атайын комиссия түзгөн.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, ушу тапта ишти комиссия иликтеп жатат. Ал эми бала бакчанын жетекчиси Тургунай Касымова эмгек өргүүсүндө жүрөт. Азырынча комиссия тыянак чыгара элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG