Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Жогорку сот: Саясий басым тууралуу маалыматыбыз жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку сот «айрым иштерге саясий жактан басым болот» деген сөздөрдү четке кагууда. 26-февралда Жогорку Кеңеште соттордун иши талкууланып жатканда Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Асанова мындай билдирүүлөрдү «эч далилсиз» деп баалады:

«Бизде иштер саясий же катардагы категория деп бөлүнбөйт. Баары мыйзам алдында бирдей. Конституцияда жазылган. Саясий басым бар деп эч далилсиз айтуу… Менде мындай маалымат жок».

Саясий иштер тууралуу маселени Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко көтөрүп чыкты. Депутат мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда анын аппаратынын бөлүм башчысы сотторго басым жасаганы тууралуу билдирүүлөр болгонун белгиледи.

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаевди Атамбаевдин тушунда «сот системасынын куратору» деп атап келишкен.

Бүгүн Жогорку Кеңеш «Сот тутумун өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын 2014-2017-жылдары аткарылышын жана 2019-2022-жылдарга долбоорун талкуулап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG