Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Сирияда курман болгон түрк жоокерлеринин саны 33кө жетти


Идлиб провинциясынын Бинниш шаарчасынан өтүп бараткан түрк аскердик техникасы.
Идлиб провинциясынын Бинниш шаарчасынан өтүп бараткан түрк аскердик техникасы.

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында президент Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан курман болгон түрк аскерлеринин саны 33кө жетти. Бул тууралуу Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясынын губернатору Рахми Доган 28-февралда билдирди. Анын айтымында, учурда жараат алган 32 жоокер ооруканада дарыланып жатат.

Бул чабуулдарга жооп иретинде Сирия өкмөтүнүн позицияларына «абадан жана кургактан сокку урулганын жана мындай соккулар улана турганын» түрк президентинин кеңсеси кабарлады. Сириянын режими Идлибде курчуп кеткен кырдаал боюнча маалымат бере элек. Орусиянын Коргоо министрлиги аткылоого кабылган түрк аскерлери «террорчулардын» арасында жүргөн деген жүйөнү келтирди. Москванын Кара деңиздеги флоту «Калибр» канаттуу ракеталары менен жабдылган эки аскердик кемесин Жер ортолук деңизи аркылуу Сириянын жээгине жөнөтмөй болду.

Асаддын күчтөрү декабрь айынан бери Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы болуп саналган Идлиб провинциясына көзөмөлүн орнотууну көздөп турат. Алардын жердеги чабуулдарына Орусиянын авиациясы колдоо көрсөтүүдө. Көтөрүлүшчүлөрдү колдогон Түркия Дамаск менен Москвадан Идлибдеги чабуулдарын токтотууну талап кылып келет. Февраль айынын башынан бери эле Сириянын чабуул уланып жаткан аймактарында 54 аскердин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG