Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Путин менен Эрдоган жакынкы аралыкта жолугушу мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 8-январь, 2020-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган. 8-январь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган 5- же 6-мартта жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковго шилтеме берип жазды. Эки өлкөнүн башчылары жума күнү телефондон сүйлөшүп, жакынкы аралыкта жолугушууну пландашкан.

Сирияда Түркиянын ондогон аскерлеринин өлүмүнө байланыштуу 28-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп да Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөн. Трамп Сирияда болуп өткөн окуяны сындады.

27-февралда Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында президент Башар Асаддын күчтөрүнүн аба соккуларынан Түркиянын 33 аскери курман болду. Түрк бийлиги чабуулду Сирия режиминин күчтөрү жасаганын, аймакта акыркы жумада авиасоккуларды Орусиянын истребителдери ишке ашырып жатканын кабарлады.

Орусиянын коргоо министри чабуулга кабылган түрк аскерлери «террорчулардын» арасында болгонун жүйө келтирди.

Асаддын күчтөрү декабрь айынан бери Сириядагы көтөрүлүшчүлөрдүн акыркы таянычы болуп саналган Идлиб провинциясына көзөмөл орнотууну көздөп турат. Алардын жердеги чабуулдарына Орусиянын авиациясы колдоо көрсөтүүдө. Көтөрүлүшчүлөрдү колдогон Түркия Дамаск менен Москвадан Идлибдеги чабуулдарын токтотууну талап кылып келет. Февраль айынын башынан бери эле Сириянын чабуул уланып жаткан аймактарында 54 аскердин өмүрү кыйылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG