Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Кыргызстанда эки айда 1400гө жакын мас айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-январдан 27-февралга чейин 91 миң 80 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, жол эрежелерин бузганы үчүн 4680 айдоочунун автоунаасы айып токтотмого коюлган. Арасында 1392си мас болуп машине айдагандар. 124ү салынган айыппулду убагында төлөгөн эмес.

Андан тышкары 602 айдоочу автоунаасынын терезесин караңгылатканы, 826сы жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койгону үчүн жана 36 миң 632 айдоочу машинени катуу ылдамдыкта айдаганы үчүн айыпка жыгылган.

Административдик кодекске ылайык, Кыргызстанда мас айдоочуларга 17 500 сом айып салынат. Жогорку Кеңеште ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга салынчу айыппулду 50 миңден 100 миң сомго чейин көтөрүү, айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунуштары айтылып келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG