Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Словакияда бийликчил партия утулду


Игорь Матович жана анын тарапташтары.
Игорь Матович жана анын тарапташтары.

Словакияда 29-февралдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына караганда «OLaNO» кыймылы жеңди. Буга чейин өкмөткө каршы маанайдагы кыймыл катары таанылган бул саясий күч «Карапайым адамдар жана өз алдынча инсандар» деп чечмеленет.

47 жаштагы Игорь Матович баштап чыккан «OLaNO» 25% ашуун добуш алды. Ал эми 12 жылдан бери бийликте турган, экс-премьер-министр Роберт Фицонун партиясы 18% добуш менен тарыхындагы эң төмөн көрсөткүчкө ээ болду. Эми ал оппозицияга өтүшү күтүлүүдө.

Бийликтеги «Smer – социал-демократ» партиясынын рейтинги 2018-жылы иликтөөчү журналист Ян Куцияк өлтүрүлгөндөн кийин төмөндөп кеткен. Элдик толкундоо Роберт Фицону премьерликтен кетүүгө аргасыз кылган. Өкмөт менен тыгыз байланыштагы миллионер ушул тапта журналистти өлтүрүүгө буйрук берген деп айыпталууда.

«OLaNO» кыймылынын жеңиши күтүлбөстүк катары саналууда. Игорь Матович шайлоо өнөктүгү учурунда өкмөттөгү коррупцияга жана бийликчил партия менен кылмыш дүйнөсүнүн байланышына басым жасады.

XS
SM
MD
LG