Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:43

Миллионер журналисттин өлүмүнө айыпталды


Ишкер Мариан Кочнер. Словакия, Пезинок шаары. 19-декабрь. 2019-жыл.
Ишкер Мариан Кочнер. Словакия, Пезинок шаары. 19-декабрь. 2019-жыл.

Словакияда иликтөөчү журналист Ян Куцияктын өлүмүнө айыпталып жаткан төрт адамдын соту башталды. Алардын арасында миллионер Мариан Кочнер да бар.

19-декабрда журналист Ян Куцияктын өлүмүнө байланыштуу өткөн баштапкы соттук жараянда судья айыпталуучулардын адвокаттарынын убакыт берүү өтүнүчүн четке кагып, негизги процессти 13-январга белгиледи.

Пезинок шаардык сотуна төрт айыпталуучу алып келинди. Алардын бири - чириген бай ишкер Мариан Кочнер. Алар журналистти өлтүрүүгө буйрутма берген деп айыпталып жатат. Ошондой эле буйрукту ишке ашыргандар делген эки эркек киши жана аларга ортомчу болгон делген бир аял да бар. Төртөө тең аларга коюлган айыптарды четке кагып жатышат.

Ян Куциактын өлүмү боюнча башталган баштапкы соттук жараян. 19-декабрь, 2019-жыл. Пезинок шаары.
Ян Куциактын өлүмү боюнча башталган баштапкы соттук жараян. 19-декабрь, 2019-жыл. Пезинок шаары.

Ал эми бешинчи айыпталуучу мурдагы аскер кызматкери Мирослав Марчек журналистти өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал сот залына алып келинген жок.

Коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү журналист жана анын сүйлөшкөн кызы Марина Куснированы баш калаа Братиславанын четиндеги үйүндө 2018-жылдын февраль айында атып өлтүрүп кетишкен. Экөө тең 27 жашта болчу.

Куцияк өмүрүнүн акыркы күндөрү Словакиянын ошол кездеги премьер-министри Роберт Фицого жакын адамдардын италиялык мафия менен байланышын иликтеп жаткан.

Аягына чыкпай калган макала журналисттин өлүмүнөн кийин гана жарык көрдү. Куцияктын өлүмү жана премьер-министрдин айланасындагы чуу өлкөдө жапырт нааразылык акцияларын тутанышына алып келген.

Журналист Ян Куцияк менен сүйлөшкөн кызы Марина Куснированы 2017-жылдын башында атып кетишкен.
Журналист Ян Куцияк менен сүйлөшкөн кызы Марина Куснированы 2017-жылдын башында атып кетишкен.

Мунун жыйынтыгында өкмөт башчы Роберт Фицо, ички иштер министри, полиция башчысы кызматтан кеткен. Ошондой эле Куцияк ишкер Кочнердин компаниялары катышкан алдамчылык схемаларын да иликтеп келген. Бир жыл мурун ал бийликке Кочнерден коркутуп-үрктүлүүлөр түшүп, анын артынан аңдып жатышканын билдирген. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Куцияктын кесиптеши жана устаты Марек Ваговичтин айтымында, журналист Кочнердин бир топ алдамчылык иштеринин бетин ачкан.

- Ян Куциак Мариан Кочнер сыяктуу адамдар үчүн коркунучтуу болчу. Куциак 2017-жылы жалпысынан 23 макала жазган, жөн эле макалалар эмес, көптөгөн кылмыш иштердин ачылуусуна себеп болгон маалыматтар эле. Буларды жазуу менен Куциак Кочнердин өзүн коркунучка кептеген. Мен эсептегенге аракет кылдым. Кочнер Куциактын макалаларынан улам 100 миллион евро жоготкон. Мунун баары албетте Кочнердин кыжырын келтирген.

Эгер Кочнердин күнөөсү далилденсе, ал кеминде 25 жылга кесилиши мүмкүн. Айрымдар ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн боолгошууда. Ага ошондой эле алдамчылык беренеси боюнча да бир нече кылмыш иши ачылган. Журналист Ян Куцияк Actulaity.sk порталында иштечү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG