Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Журналисттин башына 70 миң евро сайылган


Маркум Ян Куциак.
Маркум Ян Куциак.

Словакияда иликтөөчү журналисттин өлүмүнө шектүүлөргө расмий айып тагылууда. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы жарыялагандай, өткөн апта соңунда бир нече адам камакка алынган соң азырынча төрт кишиге күнөө коюлду. 27 жаштагы Ян Куциактын быйыл февралда киши колдуу болушу Словкакияда коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларына түрткү берип, өлкөнүн премьер-министри кызматтан кетүүгө мажбур болгон.

Словакияда таанымал иликтөөчү журналисттин жана анын сүйлөшкөн кызынын чуу түшүргөн өлүмүнүн жана ага шектүүлөрдүн чоо-жайы бул окуядан жети айдан кийин гана ачыкка чыга баштады.

Словак прокуратурасы эми журналист буюртманын негизинде өлтүрүлгөнү аныкталганын жана бул үчүн бекем далилдери бар экенин билдирүүдө.

Адегенде өткөн аптанын соңунда, таңкы рейд учурунда полиция бул кылмышка шектүү деген сегиз кишини камакка алганы белгилүү болгон.

Словак полициясы кылмышка шектүү аялды алып бараткан учур. 30-сентябрь, 2018-жыл.
Словак полициясы кылмышка шектүү аялды алып бараткан учур. 30-сентябрь, 2018-жыл.

Полициянын рейдинин учурунда кылмышка шектүүлөр жашаган жерден кылмышта колдонулган курал-жарак, ок-дары, автоунаа, чөнтөк телефондор алынганы да маалымдалган.

- Улуттук кылмыш агенттигинин бөлүмдөрү бул кыянатчыл иш үчүн шектүү адамдарды кармады. Полиция азыр үйлөрдү тинтип, башка зарыл чараларды көрүүдө. Андыктан биз кошумча маалыматтарды кырдаал мүмкүндүк бергенде гана айта алабыз, - деген эле словак полициясынын расмий өкүлү Михал Сливка 27-сентябрдагы операциядан соң.

Андан бери ушул дүйшөмбү күнгө карата Словакиянын башкы прокурору Яромир Чижнар Братиславадагы басма сөз жыйынында жарыялагандай, журналисттин өлтүрүлүшүнө байланыштуу төрт кишиге айып коюлду. Алардын үчөө - алгач кармалган сегиз адамдын үчөө, бирөө кийин кармалган аял киши. Айыпкерлердин саны алдыда көбөйүшү да мүмкүн.

Маркум Ян Куциакты эскерүү жөрөлгөсү. Братислава, 2-март, 2018-жыл.
Маркум Ян Куциакты эскерүү жөрөлгөсү. Братислава, 2-март, 2018-жыл.

Словак медиасынын маалыматтарына караганда, тергөө 44 жаштагы Алена Жужова аттуу аялдан "журналистти өлтүрүүгө буйрук берген" деп шек саноодо. Ал эми калемгерди өлтүрүүнү полициянын Томаш Сабо аттуу мурдагы тергөөчүсү ишке ашырган.

Анын кызмат акысы жалпысынан 70 миң еврого бааланып, мунун 50 миң евросу нак төлөнгөн, ал эми 20 миң евросу кылмышты аткаруучунун мурдагы карызы үчүн эсептелген.

Германиялык DPA агенттигинин жазганына караганда, журналистти өлтүрүүгө буйрук берди деп шек саналган аял кесиби боюнча Италия тилинен котормочу. Аны кылмышка түрткөн себептер азырынча айтыла элек. Маркум журналисттин үй-бүлөсүнүн адвокаты айып коюлган аял ортодогу гана киши болушу мүмкүн экенин айтууда.

27 жаштагы Ян Куциак жана анын сүйлөшкөн кызы быйыл 21-февралда борбор шаар Братиславадан алыс эмес жердеги үйүнөн атып өлтүрүлгөн.

Ян Куциак киши колдуу болоордо өз өлкөсүндөгү саясий коррупцияны жана италиялык мафиянын бийлик менен байланыштарын иликтеп жаткан болчу.

Братиславадагы демонстрация. 5-апрель, 2018-жыл.
Братиславадагы демонстрация. 5-апрель, 2018-жыл.

Ян Куциактын өлүмү Словакияда 1989-жылы коммунизм кулагандан берки эң ири нааразылык акцияларын жана мурдагы премьер-министр Роберт Фицкону кызматтан кетүүгө аргасыз кылган саясий кризисти жараткан. Бирок премьер-министр алмашканы менен үч партиянын коалициясы бийликте кала берген.

Журналисттин өлүмүнөн улам словакиялыктар толкуп, өкмөт башындагыларды коррупцияланышканы үчүн айыптаганда президент Андрей Киска эл тарапта болгон:

- Биз эркин медиа биздин душман эмес, өнөктөш экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Алар биздин принциптердин коргоочулары. Иш тескери багытта кеткенде алар эң биринчилерден болуп көрүшөт. Эрежени бузгандарды алар жоопко чакырышат. Андыктан биз журналисттерге кол салуу көбөйгөнүнө, басма сөз эркиндигин жок кылуу аракеттерине, жарандык коомго чектөө күчөгөнүнө олуттуу тынчызданышыбыз керек, - деди президент Киска өткөн аптада БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып.

Маркум Ян Куциакка 1-октябрда Германиянын 2018-жыл үчүн басма сөз эркиндиги жаатындагы "Алтын Виктория" сыйлыгы ыйгарылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG