Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Матраимовдордун арызы боюнча экинчи линиядагы сот иши башка күнгө калды


Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Иллюстрациялык сүрөт.
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Иллюстрациялык сүрөт.

Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага жана журналистке коюп жаткан доо боюнча ишти кароону бир мекемеден экинчи мекемеге өткөрүү тууралуу өтүнүчтү карай турган Бишкек шаардык сотундагы отурум 3-мартта болбой калды. Буга «Kloop» медиасынын өкүлү келбей калганы себеп болду. Ишти кароо 12-мартка жылды.

«Азаттыктын» кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Акмат Алагушев ишти Свердлов райондук сотунан Ленин райондук сотуна өткөрүп берүүнү талап кылып, арыз жазган. Мындай өтүнүчтү негизги ишти караган, Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова 29-январдагы отурумда канааттандырган эмес. Адвокат мындан кийин Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Буга чейин ушул эле судья Матраимовдордун үй-бүлөсү үч медиага каршы арыз берери менен медиа каражаттарынын банктагы эсептерин камакка коюу боюнча чечим чыгарган. Ушундай негизге таянган жактоочу Алагушев сотко төрагалык кылуучу судья Жылдыз Ибраимова калыстык кыла албайт деп эсептеп жатат.

Мындан тышкары «Азаттык», «Kloop.kg» медиаларынын жактоочулары «Азаттыктын» кеңсеси Ленин районунда жайгашканын, иш Бишкектин Ленин райондук сотунда каралышы керек экенин билдиришкен.

Былтыр 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдү жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу үй-бүлөнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммадагы акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. (TSh\ErN)

XS
SM
MD
LG