Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камалды (видео)


Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 4-марттан 5-мартка караган түнү чыгарды. Осмоналиев «Азаттыктын» кабарчысына «митингде чагым болду. Бийликти басып алуу аракети болгон эмес» деп билдирди.

Буга чейин ушул эле соттун чечими менен Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анар Дубанбаева да 3-майга чейин тергөө абагына камалды. Бул эки жаран «бийликти басып алууга аракеттенген» деген шек менен 2-марттагы митингден кийин кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Аларга Жазык кодексинин 39-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») негизинде доо коюлду.

Кылмышка шектүүлөрдүн адвокаты Шарабидин Токтосунов Осмоналиев менен Дубанбаева «негизсиз камалды» деп, Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди:

«Анара Дубанбаева болгону Караколдо штаб жетектеген экен. Эч кимди үгүттөгөн эмес. 200 кишини бул жакка жөнөткөн деген шылтоо болуп атат. Каныбек Осмоналиев экөөнүн тең аракеттеринде мыйзам бузуу жок».

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG