Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Казакстанда кайрылмандардын укугун коргогон уюм ишин токтотту


Серикжан Билаш. 29-июль, 2019-жыл.
Серикжан Билаш. 29-июль, 2019-жыл.

Шинжаңдагы мусулмандардын маселелерин көтөрүп жүргөн, Казакстанда кайрылмандар менен иштешкен «Нагыз Ата журт ыктыярчылары» уюму өзүн өзү таркатканын жарыялады. Анын негиздөөчүсү Серикжан Билаш каржы маселелеринен улам ушундай чечим кабыл алынганын айтты. Аны менен катар эле Юстиция министрлиги да уюмду каттоодон өткөрбөй койгон. Ушундан улам уюмга грант алып иштөөгө жол ачылган эмес.

«Нагыз Атажурт ыктыярчылары» өткөн жылга чейин «Ата журт ыктыярчылары» деген аталган. Билаш былтыр «кастыкты козуткан» деген айып менен камалып, беш ай үй камаганда отурган. Сот аны 280 доллар айыпка жыгып, жети жыл бою коомдук уюмдарды жетектөөгө тыюу салган. Билаштын айтымында, уюм түзүлгөндөн бери Шинжаңда кысымга кабылган казактардан төрт миңдей арыз түшкөн. Алардын баары эл аралык укук коргоо уюмдарына, маалымат каражаттарына жөнөтүлгөн.

Серикжан Билаш – Кытайда туулуп-өсүп, бир нече жыл мурда Казакстанга кайтып келген казак.

Шинжаңда миңдеген адам «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. Алардын арасында 50 миңдей кыргыз бар экени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG