Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 17:00

Кыргызстанда жеке маалыматты коргой турган мекеме түзүлгөнү жатат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жарандардын жеке маалыматын коргоо менен алектене турган мамлекеттик орган түзүлгөнү жатат. Бул тууралуу 5-мартта парламентте Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, учурда бул тууралуу токтомдун долбоору даярдалууда. Мекемелер менен макулдашып, аны кабыл алганча эки-үч ай убакыт талап кылынат.

«Жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүү биздин «жол картабызда» каралган. Биздин комитет тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөттүн кароосуна киргизген. Талкуудан кийин концепциясы бир аз өзгөрүп, кайра иштеп чыктык. Бул мамлекеттик агенттик биздин комитетке караштуу болгону жатат. Буга чейин өкмөттүн алкагында болсо деп сунуш кылганбыз. Азыр өкмөттүн бул тууралуу долбоору макулдашуу этабында», - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда акча төлөп, каалаган адамдын жеке маалыматын билсе болот деп эсептей турганын 6-февралда парламентте сүйлөп жатып айткан. Ал Мамлекеттик каттоо кызматын, Мамлекеттик салык кызматын, Социалдык фондду жана уюк байланыш операторлорун «коррупциялык схема түзүп алышкан» деп айыптаган.

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы жеке маалыматы башка колго өткөнү тууралуу жарандардан арыз келип түшпөгөнүн айткан.

Кыргызстанда жарандарга биометрикалык паспорт 2017-жылы бериле баштаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG