Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

«Бир адамдан бир китеп»: Бир жылда 152 китепкананын фонду жаңыланды (видео)


«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында бир жылда 112 миң китеп чогултулду.
«Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында бир жылда 112 миң китеп чогултулду.

Кыргызстанда «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында бир жылда 112 миң китеп топтолду. Бул тууралуу 11-мартта Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, топтолгон китептердин жалпы баасы 28,5 миллион сомду түзөт. Жалпысынан 152 китепкананын фонду жаңыланды.

«Бир адамдан бир китеп» долбоорун 2019-жылдын башында жаш муун өкүлдөрү Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу түзүп, жүзөгө ашыруу усулу жана жалпы жобосу иштелип чыккан.

Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынан башталган бул саамалыкты жалпы республиканын көптөгөн айыл-кыштактарында жана шаарларында студенттер жана жаштар улантып жатышат.

Уюштуруучулар долбоордун максаты жалпы элди китеп окууга үндөө, жаркын келечекке салым кошуу жана шаарлардагы, аймактардагы, алыскы айылдардагы китептердин тартыштыгы жана китепканалардын кыйынчылыгы менен байланышкан маселелерди чечүү экенин белгилешет. (RK)

XS
SM
MD
LG