Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Пакистанда согуш учагы кыйрап, учкуч курман болду


Кырсыктаган учак өлкө эгемендигине карата майрамга даярданып жаткан.
Кырсыктаган учак өлкө эгемендигине карата майрамга даярданып жаткан.

Пакистандын борбору Исламабадга жакын жерде 11-мартта Аскер-аба күчтөрүнүн F-16 үлгүсүндөгү согуш учагы кыйрады. Кырсыкта учкуч мерт болду. Бул учак 23-марттагы Пакистандын эгемендигине карата майрамга даярдыкка катышып жаткан.

Аскерлер менен полиция окуя болгон жерди курчоого алды. Аскер-аба күчтөрү иликтөө башталганын билдирди.

Кырсык тартылып калган видео тасмалардан башкаруудан чыгып кеткен учак тумшугу менен жерге сайылганын көрүүгө болот.

Ушул жылдын башында Пакистандын Пенжаб провинциясындагы Мианвали шаарынан анча алыс эмес аймакта Аскер-аба күчтөрүнүн FT-7 үлгүсүндөгү эки кишилик кыргын салуучу учагы машыгуу маалында кыйраган жана эки учкуч тең аман калган эмес.

XS
SM
MD
LG