Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Орусиянын бардык аймактары конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоду


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын 85 аймагынын баары президент Владимир Путин сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоду. Бул маалыматты орус парламентинин жогорку палатасынын же Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасы Андрей Клишас РИА жаңылыктар агенттигине билдирди.

«Федерация кеңешине 85 жергиликтүү парламенттеги добуш берүүнүн жыйынтыгы келип түштү. Алардын баары колдошту. Федерация Кеңеши бул маселени эртеңки жыйында карайт», - деди Клишас.

Конституциялык өзгөртүүлөргө ылайык, 67 жаштагы Владимир Путин бешинчи жана алтынчы президенттик мөөнөткө шайлана алат. Орусиянын учурдагы Баш мыйзамы боюнча Путин 2024-жылы президенттик кызматтан кетиши керек эле.

Мыйзамга ылайык, конституциялык өзгөртүүлөрдү аймактык парламенттердин кеминде үчтөн экиси колдошу керек. Андан соң Конституциялык сот бекитип бериши зарыл.

Мындай ички процедуралардан кийин президент Баш мыйзамдын жаңы текстин бүткүл элдик добуш берүүгө коёт.

XS
SM
MD
LG