Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Башкы прокуратура: «пара алды» деп шек саналган судья боюнча материал келе элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура «2000 доллар пара алды» деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова эркиндикте жүргөнү боюнча комментарий берди.

Башкы көзөмөл органы «Соттордун статусу жөнүндө» мыйзамда судьяларды жазага тартууга Башкы прокуратуранын сунушу менен Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы уруксат берерин белгиледи.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) судья пара алганы боюнча кошумча далилдерди чогултуп жатат. Анын жыйынтыгында Тартип комиссиясына сунуш бериш үчүн материалды Башкы прокуратурага өткөрүп берет.

Финансы полициясы 12-мартта судья Максат Орозбакова ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кармалганын кабарлаган. Финпол тараткан маалымат боюнча, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары судья Орозбакова 13-мартта жумушка чыгып, иштерди карап жатканын жазышкан. Жогорку сот бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG