Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат берген дарыгер аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адам катталганы боюнча жалган маалымат тараткан аймактык оорукананын дарыгери аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аймактык оорукананын тиш дарыгери «WhatsApp» аркылуу тууганына Кыргызстанда коронавирус чыкканы тууралуу калп айтып аудио жиберген. Кийин ал башка адамдарга да тарап кеткен.

Бул факт Ысык-Ата райондук милициясында Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.

Март айынын башында Оштун Өзгөн районунун аймактык ооруканасынын дарыгери да өлкөдө коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат таратып, кийин кызматтан кеткен.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус дүйнө жүзүндө 156 миңге жакын кишиге жугуп, андан 5 миңден ашык адам каза болду. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус катталган жок. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG