Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Казакстан Нурсултан, Алматы шаарларына карантин жарыялады


Dagestan, Makhachkala, Coronavirus drill
Dagestan, Makhachkala, Coronavirus drill

Казакстанда коронавирус жугузуп алганы аныкталгандар шейшембиде 32 кишиге жеткени кечке жуук кабарланды.

«Алардын 15и Алматада, 17 учур Нур-Султан шаарында», деп билдирди Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип.

16-мартта COVID-19 вирусун жугузгандар 11 киши болчу.

Жагдай оорлоп кеткенине байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар режимин камсыз кылуу комиссиясы 19-марттан тартып Алматы жана Нур-Султан шаарларында «кошумча чектөөлөрдү киргизип, алдын алуучу жана эпидемияга каршы чараларды» көрүүнү чечти.

Ага ылайык, аталган шаарларда адамдардын ары-бери жүрүшү чектелет. Андан тышкары коомдук транспорт каттамы азайтылып, өлкөгө кирген-чыккан автотранспорт да чектелип, көзөмөлгө алынат.

Ошондой эле Казакстан Мусулмандарынын диний башкармалыгы өзгөчө кырдаалга байланыштуу мечиттерде жума намаз жана башка намаздарды окууну токтотту. Ал эми тажия жакын туугандардын катышуусунда гана өткөрүлөт деп чечилди.

Казакстан 16-мартта өзгөчө кырдаал жарыялап ири соода жайларынын ишин чектеген.

XS
SM
MD
LG