Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Фондулук биржаларда акциялар кайрадан кескин арзандады


Германиядагы биржа ортомчулары иш үстүндө.
Германиядагы биржа ортомчулары иш үстүндө.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам дүйнөдөгү алдыңкы биржаларда баалуу кагаздар кайрадан арзандады. АКШдагы «Dow Jones» индекси 16-мартта дээрлик 13% төмөндөдү. Бул аталган биржанын 1987-жылдан берки эң начар көрсөткүчү.

Лондондогу «FTSE 100» индекси дүйшөмбүдө 4 пайыздык төмөндөө менен жабылды. Европанын башка финансы базаларында да ушундай эле начарлоо байкалды. Франциянын башкы биржасы 5,7%, Германиянын «Dax» индекси 5,3% төмөндөдү.

17-мартта Азиянын негизги биржалары 1,5 пайыздык төмөндөө менен ачылды. Адистер дүйнө өлкөлөрү үстөк пайыздарды төмөндөтүү, бизнеске көмөк көрсөтүү сыяктуу чараларды көрүп жатканына карабастан коронавирустун тездик менен жайылышы финансы рыногун дүрбөлөңгө түшүрүп жатканын билдиришүүдө.

16-мартта президент Дональд Трамп Кошмо Штаттардын экономикасы быйыл рецессияга кабылышы мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG