Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

ТИМ: Иранда калган машинелердин 22си Орусия аркылуу кайтып келатат


Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.

Ирандан чыга албай калган кыргызстандык айдоочулардын 22 машинеси учурда Орусиянын аймагында. Алар Азербайжан-Орусия-Казакстан маршруту менен мекенине кайтып келе жатат. Бул тууралуу 18-мартта тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов Бишкектеги басма сөз жыйынында айтты.

Абдрахманов билдиргендей, оор жүк ташуучу 22 машиненин 14ү орус-казак чек арасына Орусиянын тиешелүү кызматтарынын коштоосунда жөнөп баратышат. Сегизи Казакстан менен чек арада текшерүүдөн өтүп жатат. Мындан тышкары беш автомашина Азербайжанда орус-азери чек арасында күтүп турат.

Кайтып келген айдоочулардын баары Кыргызстанга кайтканда обсервацияга алынары айтылды.

ТИМ Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам экенин буга чейин кабарлаган.

Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы да маалым болгон. Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG