Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:49

Абылгазиев: Мамлекеттик карызды доллар менен төлөө кыйын болот (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев инфляциядан кийин Кыргызстанда мамлекеттик карызды, анын ичинде тышкы карызды төлөөдө кыйынчылыктар чыкканын билдирди. Эл өкүлү абалды жөнгө салыш үчүн өкмөттү каржы институттары менен сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырды.

«Эл аралык каржы институттарынан карыздын пайыздарын токтото туруу, негизги карыздарды бир-эки жылга жылдыруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керек», - деди Бекешев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттө тышкы карызды төлөө боюнча атайын топ иштеп жатканын айтты:

«Быйыл тышкы жана ички карызга 28 млрд. сом керектелет. Анын теңи доллар менен төлөнөт. Экономика сом менен болгондон кийин карызды доллар жана башка валюта менен төлөгөн оор. Сомдун курсунун түшкөнү абдан оор болуп жатат».

2020-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы, ички) карызы 4 млрд. 616,56 млн. АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 3 874,57 млн. доллары тышкы, 741,99 млн. АКШ доллары ички карыз.

10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттаган. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматтар боюнча бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулаган.

Ушул эле күнү Улуттук банк валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарган.

Учурда коммерциялык банктарда 1 доллар 73 сомдун тегерегинде болуп жатат. Бирок акча алмаштыруучу жайларда 73 сомдон ашып кеткен учурлар кездешүүдө. (BTo)

XS
SM
MD
LG