Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Абылгазиев: Шайлоо күнүн которуу боюнча чечим бир жумадан кийин кабыл алынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнүн башка убакытка которуу маселесине байланыштуу чечим бир жумадан кийин кабыл алынат. Бул тууралуу 19-мартта парламентте маалымат берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:

«Кечээ президентибиз баш болуп төрага жана фракция лидерлери менен 1,5 сааттай сүйлөштүк. «Эл каттоону жылдыралы, бала бакчаларды убактылуу жабалы» дедик. Ал эми шайлоо маселеси боюнча бир жуманын ичинде жайылышы кандай болот, ошого жараша кабыл алган туура го. Президентибиз да ошентип айтты. Фракция лидерлери да колдоду».

Ушул тапта Кыргызстанда беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Үгүт 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот. 17-мартта БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Азаттыкка» бул шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн чаралар иштелип чыгарын билдирген.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылды. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

18-мартта Караколдо шайлоону башка күнгө которуу жөнүндө сунуш айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG