Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:03

Канн кинофестивалы белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Коронавирус пандемиясынан улам Францияда 12-23-майда өтөрү белгиленген атактуу Канн фестивалы кийинкиге жылдырылды. Уюштуруучулар фестиваль июнь айынын соңуна чейин өтпөй турганын, анын жаңы датасы кырдаалга жараша аныкталарын билдиришти.

Францияда COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 11 миң кишиге чукулдады. Алардын 372си каза тапты. Француз өкмөтү илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн ресторан, кафе жана кинотеатрлардын баарын убактылуу жапкан.

Канн фестивалы - короновирустан улам кийинкиге жылдырылган дүйнөдөгү ири маданий жана спорттук иш-чаралардын бири гана. Буга чейин «Евровидение» ыр сынагы да 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй турганы белгилүү болсо, Европа футбол чемпионаты 2021-жылга калган.

XS
SM
MD
LG