Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Жалал-Абад шаарына кирүүгө чектөө коюлду


Жалал-Абад. 24-март, 2020-жыл.
Жалал-Абад. 24-март, 2020-жыл.

Шаардын негизги көчөлөрүнө блокпосттор коюлуп, сырттан келгендерди киргизбей, шаардыктарды сыртка чыгарбай жатат. 24-марттын таңынан тартып блокпосттордо чогулган элдин жана автоунаалардын саны көп болууда.

Жергиликтүү бийлик элдин саламаттыгы үчүн ушундай чечим кабыл алынганын айтып, аны түшүнүү менен кабыл алыш керек экенин билдирди.

Азык-түлүк жана дары-дармек ташыган машинелер кезексиз өткөрүлүп жатат. Мындан сырткары башка райондордон шаарга каттап иштеген бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагаз менен коё берилүүдө. Көпчүлүк тургундар мындай маалыматты угушпаганы айтып жатышат.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол койду. Аталган жарлыкты Жогору Кеңеш бүгүн кезексиз жыйында карайт.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 16 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталды. (RsK)

XS
SM
MD
LG