Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилди


Ош шаары.
Ош шаары.

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол койду. Аны Жогорку Кеңеш кезексиз жыйында карап, колдоп берди.

24-мартта Кыргызстанда дагы 26 адамдан коронавирус табылганын Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады. Буга чейин вирус 16 кишиден чыккан. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 вирусу жуккандардын саны 42 адамга жетти.

"Тартипти бузгандар камалат"

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна киргизилген өзгөчө абал 25-март саат 08:00дөн башталып, 15-апрель саат 08:00гө чейин күчүндө болот.

Бишкектин айланасына орнотулган блокпосттор

Бишкектин айланасына блокпосттор орнотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Өзгөчө абал жарыяланган аймактарга Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери киргизилет. Ал аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат болот. Бул убакта адамдардын жана транспорттун кыймылы толук токтойт. Коомдук транспорт эртеӊ мененки саат 7ден кечки 7ге чейин иштейт.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райымберди Дүйшембиев өзгөчө абалдын эрежелерин түшүндүрдү:

Райымберди Дүйшембиев.
Райымберди Дүйшембиев.

«Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясы таралып кетпеши үчүн жарандар айтылган санитардык, гигиеналык талаптарды, социалдык аралыкты сакташы керек. Зарыл болбосо адамдар топтошкон жерлерге барбай, көчөдө жүрбөшү керек. Өзгөчө абал режиминин талаптарын сактабагандар, тастыкталбаган ушак маалыматтарды тараткандар жана аскерлер менен ИИМдин кызматкерлерине баш ийбегендер мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертем. Азык-түлүк дүкөндөрүнө, дарыканаларга өтө зарыл болгондо гана барыш керек. Бул чектөөлөр азык-түлүк, материалдык, техникалык каражаттарды ташыган жүк ташуучу автоунааларга тиешеси жок. Алардын бир аймактан экинчи аймакка барышына тоскоолдук болбойт. Автоунааларды текшерип, белгиленген жерге жетишине мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бизнес чөйрөсү, азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар бекитилген тартипте иш алып барат».

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда комендатура түзүлдү. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарына, Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарына, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарына жана Сузак районуна комендант болуп дайындалды.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев коменданттык сааттын шартын бузгандарды милиция кармап кетүүгө укуктуу экенин эскертти:

«Бул карантин эмес - өзгөчө абал. Ошондуктан коменданттык саат киргизилет. Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандар өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин аныкташ үчүн ички иштер органдары тарабынан чектөө убактысы бүткөнгө чейин убактылуу камакка алынат. Өздүгү аныкталган адамдар үч суткага камалат жана ошол жердин тургуну болбосо коменданттык аймактан сырткары чыгарылат. Коомдук тартипти, жол коопсуздугун камсыздоого Ички иштер министрлигинин күчү жетет».

Башкача айтканда, коменданттык саат деп белгиленген саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин көчөдө жүрсөңүз милиция кармап, өздүгүңүздү тактоого укуктуу. Эгерде сиздин каттооңуз өзгөчө абал киргизилген жерде болбосо сиз каттоодо турган аймакка чыгарыласыз. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да тиешелүү. Өзгөчө абал учурунда милиция жана медицина кызматкерлерине гана чектөө коюлбайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өзгөчө абал учурунда карапайым адамдарга мамлекеттен жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү:

Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

«Тейлөө тармагында, күнүмдүк киреше таап иштегендердин азык-түлүгү жок. Казакстан 1,5 млн. кишиге жөлөкпул берип жатат. Биздин өкмөт жок дегенде 500 миң кишиге беш миң сомдон бериш керек. Анткени аларда азыр киреше жок. Экинчиден, ири шаарларда 100 миңдеген адамдар батирде турат. Аларды кожоюндары «үйдөн чыккыла» десе каякка барат?».

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөт буга чейин кабыл алынган чечимдер менен иштеп жатканын айтты:

«Өкмөт буга чейин өзгөчө кырдаал киргизген. Анда азык-түлүк кандай жол менен жеткирилет - бардык маселе каралган. Андан тышкары Жогорку Кеңеш жакында эле токтом кабыл алган. Өкмөт ошонун негизинде иш алып барып жатат».

22-марттан тартып өлкө аймагында бир айлык өзгөчө кырдаал киргизилген.

Бирок өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 23-мартта элге кайрылып, өзгөчө кырдаалдын режимине айрым жарандар жоопкерчиликсиз мамиле кылып жатканын сындаган.

Президенттин жарлыгындагы жоболор

«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары - коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-мартынан 23-мартына чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргызстандын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

  1. Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.
  2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.
  3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлсүн.
  4. Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

  1. Комендант Бишкек шаарынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
  2. Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет, ошондой эле Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргызстандын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
  3. Жогорку сотко өзгөчө абал мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.
  4. Башкы прокуратурага:

1) ушул жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

  1. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде комендант берген маалыматтарды таратсын.
  2. Бул жарлык Жогорку Кеңешке жиберилсин.
  3. Бул жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет».

Ушундай эле чектөөлөр Бишкек шаарынан тышкары Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районуна да киргизилет.

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жугузгандар 42 кишиге жетти. Илдетке чалдыккандардын сегизи Сузак районунан, бешөө Ноокат районунан, бирөө Баткен районунан, экөө Бишкек шаарынан катталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кабыл алды. Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылуу тенденциясы өсүп жаткандыгына байланыштуу дүйнөдө, ошондой эле Кыргызстанда түзүлгөн татаал кырдаалды белгиледи.

Өзгөчө абал деген эмне?

Өзгөчө абал – бул мамлекеттик түзүлүшкө, коомдук кызыкчылыкка жана адамдардын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч жаралганда жарыялана турган жагдай. Бул башкаруунун өзгөчө формасына кирет. Бул демократиялык негиздер менен түзүлгөн өлкөнүн ичиндеги мамлекеттик органдарынын ишин чектейт. Мындан сырткары адамдын укуктары да жалпы кызыкчылык үчүн чектелүү болот. Менчик укугу болсо да өлкөдөгү бардык ишканалар коменданттын айтканын угууга жана аткарууга тийиш.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG