Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Бишкекте батирлерге жылуулук кайрадан бериле баштады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте батирлерге жана мекемелерге борбордук системадан жылуулук кайрадан бериле баштады. Жылуулук берүү сезону күн жылыганына байланыштуу 19-мартта токтотулган болчу.

«Электр станциялары» ишканасынын маалыматына караганда, жылуулук Бишкек мэриясынын буйругу чыкканча берилип турат.

23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 25-27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG