Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

ТИМ: Иранда калган айдоочулардын экинчи тобу Казакстандын аймагына өткөрүлө баштады


Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.

Иранда калып, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык жүк ташуучулардын экинчи тобу Казакстандын аймагына транзиттик негизде өткөрүлө баштады. Бул тууралуу 25-мартта Коронавируска байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, Ирандан Азербайжан, андан кийин Орусия аркылуу келе жаткан айдоочулар 25-мартта казак-орус чек арасындагы «Котяевка-Курмангазы» өткөрмө бекетинен өттү. Андан ары казак полициясынын коштоосунда алар Кыргызстандын чек арасын көздөй бет алды.

ТИМ Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам экенин буга чейин кабарлаган.

18-мартта 22 машиненин 14ү орус-казак чек арасына Орусиянын тиешелүү кызматтарынын коштоосунда жөнөп баратышканы, сегизи Казакстан менен чек арада текшерүүдөн өтүп жатканы айтылган. Мындан тышкары беш автоунаа Азербайжанда орус-азери чек арасында күтүп турганы маалымдалган.

Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы да маалым болгон. Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG