Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Беткапсыз жүргөндөр 1-5 миң, көчөгө чыккандар 3-13 миң сом айыппул төлөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал учурунда коомдук жайда беткапсыз жүргөн адам миң сом, мындайга жол берген юридикалык жактар 5 миң сом өлчөмүндө айыпка жыгылат. Бул тууралуу 31-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Күндүз көчөгө чыгуу эрежесин бузган адамга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул каралган.

Ал эми түнкүсүн кармалгандар коменданттык саат аяктаганча милиция бөлүмүндө болот, жанында документи жоктор ким экени аныкталганча үч суткага чейин камалат. Кармалгандардын өзү, буюмдары жана автоунаасы текшерилиши мүмкүн. Ошондой эле жеке адамдар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айыппул салынат.

Коомдук тартип боюнча милдетин өтөп жаткан милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген адамдар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айыппул каралган.

Карантин, обсервация режимин сактабагандык, дарылануудан качуу, оорусун жашырып, башкаларга жугузуу 15 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айыппул менен жазаланат.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежени атайылап же кокусунан бузуунун айынан башкалар жапырт ооруга чалдыкса жаза чаралары Жазык кодексинде жазылган.

«Жазык кодексинин 280-беренесине ылайык белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан 2 жылга чейин ажыратуу менен, II категорияда эркинен ажыратуу (жашы жете электер үчүн - бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин) менен VI категориядагы айыппул (жашы жете электер үчүн 80 000 сомдон 100 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 180 000 сомдон 220 000 сомго чейин) түрүндө жазага тартылат», деп билдирди өкмөт.

Кыргызстанда 31-мартта саат 12:00дөгү маалымат боюнча коронавирус жуккандар 107 кишиге жетти. Бишкек комендатурасы көчөгө адамдардын жана автомашиналардын чыгышына кошумча чектөө киргизди. (RK)

XS
SM
MD
LG