Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеште эпидемиологиялык абалга байланыштуу экономика, коопсуздук ж.б. маселелерди карады. Бул күнү парламент вице-премьер-министрликке жана Саламаттык сактоо министрилигинин башына сунушталгандардын талапкерлигин карай турган болду.

Умбетали Кыдыралиев: Доллардын баасы мурда болуп көрбөгөндөн көтөрүлдү. Улуттук валютанын баасы дагы түшөт. Ошонү түшүрбөгөнгө аракет кылышыбыз керек.

Гүлшат Асылбаева: Карантин үй-бүлөлүк зомбулукту күчөттү. Айрым аялдар үчүн бул тозокко айланды. Аялдарга өмүрүнө коркунуч туулганда үйүнөн чыгууга уруксат берген норманы караса болобу? Бул аялдарга убактылуу жашап турган турак жай берилеби? Мындай маселе каралды беле?

Бул суроого ички иштер министринин өкүлү Памир Асанов маселе каралат деп жооп берди.

Исхак Пирматов: Коменданттын максаты эмне? 11 күндөн бери ишкерлердин тизмесин тактай албай жатат. Эмне себептен уруксатты бир күнгө берет? Мындай кырдаалда ооруну жайылтпоо керекпи? Андай болсо элди топтоп, кезекти узартып жатат?

Эркин Асрандиев: Бүгүнтөн баштап электрондук уруксат иштей баштайт. Буюрса, маселе чечилет.

Рыскелди Момбеков: Бул эл үчүн эмес, бизнесмендер үчүн керектүү мыйзам экен. 1-апрелден 1-октябрга чейин салыкты узартып жатат. Коронавирустан азыр эл жабыр тартып жатат. Биз байлардын салыгын узартып берип жатабыз. Карапайым калк эл үйүндө отурат. Аларга эртең кандай жеңилдик болот. Калктын эмес, салыктын мыйзамы болду. Мен буга каршы добуш бердим.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG