Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:07

Парламент коронавирусту айласыз жагдай деп тааныды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда коронавирустун жайылышынын жана валюталык инфляциянын социалдык-экономикалык кесепетин жумшартуу боюнча токтом кабыл алды. Бул токтомду 1-апрелде депутаттардын көпчүлүгү колдоду. Анда СOVID-19 вирусунун жайылышы аргасыз жагдай катары мүнөздөлгөн. Кризиске каршы жана банк системасын сактап калуу боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылган.

Ошондой эле чакан жана орто бизнести текшерүүгө бир жылдык мораторий киргизилет. Саламаттык сактоо, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу сыяктуу өтө зарыл иштерден башка тармактардагы мамлекеттик сатып алууга убактылуу чектөө киргизилет.

Мындан сырткары бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү жылышы керек.

Парламенттин токтомунда COVID-19 вирусун аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу жана жеке менчик лабораторияларда текшерүүгө уруксат берүү да каралган.

Бул документти талкуулоо учурунда айрым депутаттар өкмөттү сынга алып, инфекциянын алдын алуу боюнча бир катар жагдайларга көңүл буруу зарыл экенин айтып чыгышты. (BkA)

XS
SM
MD
LG