Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 15:46

Кабулда президенттин коопсуздук кызматына кол салуу болду


Ооганстандын президенти Ашраф Гани. Кабул, 9-март, 2020-жыл.

Ооганстандын ички иштер министрлиги Кабулдун чеке белинде куралчан белгисиз бирөө ооган президентинин коопсуздук кызматына кол салып, бир кишини өлтүргөнүн билдирди.

4-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тарик Ариан президенттин коопсуздук кызматынын дагы бир кызматкери жума күнү Кабул провинциясынын Пагман районунда болгон кол салууда жараат алганын билдирди.

Кол салууда жабыр тарткандар кызматтык нөөмөттө болгонбу же жокпу азырынча белгисиз.

Ооган полициясы атайын иликтөө баштаганы кабарланды.

Азырынча эч бир топ кол салууну мойнуна ала элек.

Кошмо Штаттардын аскерлери Ооганстанда президент Ашраф Ганинин күжүрмөн даярдыктагы коопсуздук кызматын машыктырат.

XS
SM
MD
LG