Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Президенттик сарайдагы кош инаугурация


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла. 8-июль, 2016-жыл. Польша.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла. 8-июль, 2016-жыл. Польша.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 9-мартта экинчи мөөнөткө расмий киришип, ант берди. Ошол эле маалда Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла да өзүн президент деп жарыялап, өз инаугурациясын өткөрдү.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 9-мартта экинчи мөөнөткө расмий киришип, ант берди. Ошол эле маалда Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла өзүн президент деп жарыялап, өз инаугурациясын өткөрдү.

Оогандардын улуттук кийимин кийип, башына селде оронгон Ашраф Гани экинчи мөөнөткө расмий киришүү үчүн ант берип жатканда президенттик сарайдын жанында катар жардыруулар болду. Ушундан улам чогулган коноктордун айрымдары орундарынан тура качышты. Жабыркагандар тууралуу маалымат чыккан жок.

«Мен чопкут-кемсел кийген жокмун. Жалаңкат көйнөкчөнмүн. Башымды сайып болсо да ушул жерде калам», - деген Ашраф Ганинин бул сөздөрүнөн кийин баары кайра ордуна кайтышып, көпкө кол чаап турушту. Алардын арасында АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да бар эле. Бул жолку чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна «Ислам мамлекети» радикал тобу алды.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани. Кабул, 9-март, 2020-жыл.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани. Кабул, 9-март, 2020-жыл.

Ганинин 2018-жылкы ант берүү аземи да чабуулдар менен коштолуп, согушкерлердин жардыруусунан алты карапайым тургун мерт болгон.

Ашраф Гани ант берип жаткан маалда президенттик сарайдын башка бурчунда кычыраган кара костюм-шым кийген Бириккен өкмөттүн мурдагы башчысы Абдулла Абдулла өзүн президент деп жарыялап, өз алдынча ант берди. Ал Ооганстандын «өз алдынчалыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоого» убада берди.

«Биз шайлоо өнөктүгүнүн маалында алдамчылык жол менен келген бир да өкмөттү кабыл албоого убада бергенбиз. Биз өз убадабызды аткарып жатабыз», - деген Абдулла Абдулла сентябрда өткөн президенттик шайлоодо Ганиге жеңилип калганы расмий жарыяланган. Тактап айтканда, беш айдан кийин жарыяланган расмий жыйынтыктарга ылайык аны шайлоочулардын 39,52% гана колдогон. Ал эми оогандыктардын 50,64% Ашраф Ганинин экинчи мөөнөткө калышын каалаган. Анткен менен Абдулла бул жыйынтыктарды таануудан баш тартып, өзүн жеңүүчү катары жарыялап, өз өкмөтүн түзөрүн билдирген.

Өзүн «Ооганстандын президенти» деп жарыялап алган Абдулла Абдулла. Кабул. 9-март, 2020-жыл.
Өзүн «Ооганстандын президенти» деп жарыялап алган Абдулла Абдулла. Кабул. 9-март, 2020-жыл.

Гани менен Абдулланын ортосундагы тирешүү саясий кризисти курчутуп, аз жерден Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы тынчтык келишимине кол коюу процесси да үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Президенттик кызмат үчүн талаш карапайым оогандыктарды да беймазага салды. Маселен, 22 жаштагы Ахмед Жавед саясатчыларды «өз кызыкчылыктарын артка калтырып, бийлик үчүн күрөшкөндү токтотуп, өлкөнү ойлоого» чакырды.

Вашингтон мурдараак эки тарапты тең ант берүү аземин жылдыра турууга чакырган. Саясат таануучу Атта Нури «France-Presse» агенттигине берген комментарийинде Гани менен Абдулла экөөнүн ортосундагы талаш алдыда күтүлүп жаткан «Талибан» кыймылы менен ооган бийлигинин ички сүйлөшүүсүнө олуттуу таасир тийгизерин айтты. Расмий Кабул менен бул жумага боолголонгон сүйлөшүүлөрдүн өтүшүнөн күмөн санап турганын «Талибан» кыймылы да билдирген.

2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо да Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани «ит жыгылыш» болуп калганда Кошмо Штаттардын ортомчулугу менен эки саясатчынын ортосунда бийлик бөлүштүрүлгөн. Ага ылайык, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла Бириккен улуттук өкмөттүн башчысы же башкы аткаруучу болууга көнүп, мунаса табылган эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG