Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Ооганстандагы элдин үшүн алган жардыруу


Жардыруу болгон жер. Кабул, Ооганстан. 1-июль, 2019-жыл.
Жардыруу болгон жер. Кабул, Ооганстан. 1-июль, 2019-жыл.

1-июлда Кабулдун ортосундагы согушкерлердин чабуулунан бир киши өлүп, ондогон адам жарадар болду. Бир канча кишинин абалы оор деп бааланууда.

Бул кол салуу Катарда АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасын баштаган кезде болуп отурат. Өкмөт өкүлдөрү кол салуу менен «Талибан» сүйлөшүүлөрдө өз күчүн көрсөткүсү келип жатканын билдиришүүдө.

Ооган бийлиги Кабулдун борборундагы Пули Махмуд-хан районундагы жардыруудан бир киши каза таап, кеминде 100дөй адам жарадар болгонун бышыктады. Полициянын өкүлү Мухаммад Каримдин айтымында, Коргоо министрлигинин жанында дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин «Талибандын» жоочулары имаратка чабуул коюп, согушкерлер менен коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери атыша кетишкен.

«Баарынын жүрөгү түшкөн, үрөй учурган кырдаал болду. Мен машиненин терезесинен чыкканга мажбур болдум. Бети-башым кан болуп, колумдан да жаракат алдым», - деди окуядан жабыркаган Эйд Мухаммад.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахидулла Маяр жарадар болгондор, анын ичинде 9 бала ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Бир эле Вазир Акбар Хан ооруканасына 28 киши жаткырылган.

«Биз Вазир Акбар Хан ооруканасына 28 адамды жаткырдык. Анын сегизине операция жасалды, калгандары палатага жайгаштырылды», - деди дарыгер Мухаммад Муса Захир.

«Талибандын» өкүлү Забихулла Муджахид алар Коргоо министрлигинин логистикалык жана инженерлик борборун бутага алганын кабарлады. Кабулдагы жарылуудан эки чакырым радиуста жайгашкан имараттар силкинген. Жардыруу болгон аймакта өкмөттүк жана аскердик мекемелер, андан тышкары Ооганстандын футбол федерациясы, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган бюросу да жайгашкан.

Ооган өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла «Твиттерге» Ооганстандын Футбол федерациясынын жанындагы чабуул топтун «кылмыштуу мүнөзүн далилдейт» деп жазды. Ал «күжүрмөн коопсуздук күчтөрү «Талибандын» жексур согушкерлерин жазалайт» деп кошумчалады.

Ал эми АКШнын Кабулдагы элчилиги «Биз талибдердин өз оогандыктарына койгон катаал чабуулун айыптайбыз» деп билдирүү таратты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги да чабуулду айыптап, мындай кол салуулар «Ооганстандагы тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч» жаратарын билдирди.

Кабулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өз мойнуна алды. Ооганстанда талибдер менен катар «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму да чабуулдарды уюштуруп келет. Бул - өткөн айда Кабулда катар-катар жардыруулардан соң салыштырмалуу тынчтык орноп калгандан кийинки биринчи чоң жардыруу.

Ал Катарда АКШ жана «Талибан» өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын баштагандан көз узабай болуп отурат.

АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Халилзад менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү 29-30-июнда Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Талибдердин өкүлү Сухаил Шахин сүйлөшүүлөрдүн бул жетинчи айлампасын «чечүүчү» деп баалады.

Сүйлөшүүчү топту маркум Омор молдо менен бирге «Талибанды» негиздөөчүлөрдүн бири болгон Абдул Гани Барадар жетектеп жатат. Анда тараптар Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн бекитүүгө, ошондой эле талибдердин чабуулду токтотууга кепилдик беришине көңүл бөлүшөрү күтүлгөн.

«Талибан» кыймылы дээрлик 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп келет. 2001-жылы АКШ аскерлеринин келиши менен бийликтен кулатылган «Талибан» кыймылы Ооганстандын дээрлик тең жарымына көзөмөлдүк кылат же таасири бар.

Талибдер ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп теңсинбей, Вашингтондун өкүлү менен гана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келе жатышат. Ошол эле кезде алар коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын уюштуруп жүрүшөт.

Маселен, 29-июнда Кандагар провинциясында бомба чабуулунан Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын сегиз кызматкери көз жумду. Ал эми Фарах провинциясындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине коюлган чабуулдан сегиз жоокер курман болуп, дагы сегизи жарадар болгон. Ушул эле күнү «Талибандын» кишилери Баглан провинциясындагы полиция бекетине кол салып, 26 кызматкерди өлтүрүп кетишкен.

Өкмөт өкүлдөрү Багландагы кол салуу «Талибан» сүйлөшүүлөрдө өз күчүн көрсөткүсү келип жаткандыгын ырастай турганын билдирүүдө.

25-июнда күтүүсүз Кабулга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «1-сентябрга чейин» талибдер менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүт артып турганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG