Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

«Талибан» курултайды тоготкон жок


Лоя Жырга. 2-май, 2019-жыл
Лоя Жырга. 2-май, 2019-жыл

Ооганстанда өлкөнүн булуң-бурчунан келген таасирдүү адамдардын курултайы – Лоя Жырга өттү. Анда өкмөт менен “Талибанга” Рамазан айынын алдында атышууну токтотуу кеңеши берилди. Өкмөт буга даяр экенин билдирсе, талибдер курултайды тоготкон жок.

Лоя Жырга – оогандардын жүздөгөн жылдан бери кыйын кезеңде чогулуп, өлкөдөгү бирден бир талылуу маселелерди талкуулап келген жыйыны, курултай десе да болот. Ага саясатчылар, уруулар менен этникалык топтордун лидерлери, дин ишмерлери чакырылат.

Бул жолку курултай 2013-жылдан бери алгач ирет өтүүдө. 3200 адам ондогон комитетке бөлүнүп, төрт күн бою талкуу өткөрүштү. Ортого коюлган маселе - 18 жылдан бери уланып келаткан жарандык согушту токтотуу, өкмөт менен “Талибан” кыймылынын элдешүү шарттары.

Лоя Жырга. 3-май, 2019-жыл
Лоя Жырга. 3-май, 2019-жыл

"Атышууну токтоткула"

3-майдагы жыйында экинчи комитеттин төрагасы Сайед Абдул Рахмат Лоя Жыргадагы дээрлик баарынын оозундагы кепти айтты:

"Эки тарап тең тез арада атышууну токтотконун жарыялашы керек. Бардык саясий партиялар өз маселелерин өкмөт менен бирге чечиши зарыл. Ошондо тынчтыкка жетүүдө үнүбүз бир болот. Бүтүндөй өлкөдөгү тынчтык – бардык оогандардын тилеги".

Алтынчы комитетти жетектеген Симен Нури айым бул сөздөргө кошулду:

"Биз көп нерсебизди курмандыкка чалдык. Жетишет! Биздин жерде мындан ары кан төгүлбөшү керек. Аялдардын үнүн уга турган убакыт келди".

Аялдар маселеси бул өлкөдө өтө талылуу. Эгер элдешип кала турган болсо “Талибан” өкмөттүн курамына кирип, өлкөнү башкарууга аралашары күтүлүүдө. Бул кыймыл 1996-2001-жылдары бийликте турганда аялдардын укуктарын, эркиндиктерин кескин чектеп, билим алуусуна, коомдук жумуштарда иштешине тыюу салган эле. Лоя Жыргадагы жүздөгөн аял элдешүүдөн кийин “ошол доор кайтып келбесин, кайрадан кордук көрбөйлү” деп бек турушат.

Курултайдын 45-комитетин жетектеген Файзулла Жалал бул кооптонууларга кошулат. Ал тынчтык үчүн буга чейинки баалуулуктарды курмандыкка чалууга болбосун айтып, кызуулана сүйлөдү:

"Биз аялдардын укуктарын, сөз эркиндигин, маалымат каражаттарынын эркиндигин сактоого, эркин шайлоолор менен кубаттуу парламентке кепилдик бербеген тынчтыкты каалабайбыз".

Курултайдагы аялдар. 3-май, 2019-жыл.
Курултайдагы аялдар. 3-май, 2019-жыл.

Ошентип Лоя Жырга жаатташкан тараптарга өз кеңештерин берди.

Анда:

* атышууну Рамазан айынын алдында, тагыраагы 6-майга чейин токтотуу, * америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнүн графигин белгилөө, * талибдердин баш кеңсесин Катардан Ооганстанга көчүрүү, * тынчтык келишиминен кийин өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү, * туткундарды алмашуу сунуштары бар.

Жыйынга келгендер тынчтык сүйлөшүүлөрүн жеңилдетүү үчүн Бириккен Улуттар Уюмун “Талибанды” "террордук уюм" деген аныктамасын жокко чыгарууга чакырышкан.

Өкмөт макул, "Талибан" тоготпойт

Лоя Жырганын чечимин өкмөт аткарууга милдеттүү эмес. Бирок ага өлкөнүн булуң-бурчунан абройлуу саналган адамдар киргендиктен бийликке таасири күч.

Ашраф Гани
Ашраф Гани

Ооганстандын президенти Ашраф Гани дароо жооп берди. Атышууну токтотуу бир тараптуу болбошу керектигин белгилеп, талибдер макул көрсө маселенин техникалык жактарын иштеп чыгууга даярдыгын билдирди. Президент ынтымакка карай дагы бир кадам таштады:

"Бүгүн Жырганы жана ыйык Рамазан айын урматтап, Ооганстан ислам республикасынын достук кадамы иретинде жылдап түрмөдө жаткан 175 талибди бошоткум келет".

Андан кийин талибдер реакция кылып, орозого чейин ок атышууну токтотуу кеңешин четке кагышты.

"Талибандын" өкүлү тараткан билдирүүдө "Рамазан айындагы жихад же ыйык согуш дагы көбүрөөк сыйлык алып келгени” айтылат. Алар Лоя Жырганы “символикалуу” жана “жөндөмсүз” деп баалашты.

Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү

“Талибан” кыймылы бир нече айдан бери Ооганстандагы тынчтык маселесин АКШ өкүлү Залмай Халилзад менен талкуулап келет. Сүйлөшүү Катардын борбору Дохада өтүүдө. АКШ тарап ынтымакка келүү үчүн талибдер куралдарын таштап, ок атууну токтотушу керек деген талапты койгон. Ал эми жоочулар адегенде АКШ аскерлерин ооган жеринен чыгарууга кызыкдар. Ушул тапта Ооганстанда 14 миң чамалуу америкалык өкмөттүк аскерлерди машыктырып, көмөк көрсөтүп келет.

Дохадагы сүйлөшүү. 26-февраль, 2019-жыл.
Дохадагы сүйлөшүү. 26-февраль, 2019-жыл.

“Талибан” Кошмо Штаттардын “куурчагы” деп Кабулдагы өкмөт менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген. Аз мурда гана аларды диалогго кошууга көнгөн эле. Бирок сүйлөшүүгө катышкан адамдар жана алардын саны боюнча пикир табылбай, 19-апрелдеги жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылып кетти.

“Талибан” бир тараптан элдешүүгө макулдугун көрсөткөнү менен экинчи жагынан жыл сайын жарыялап келген жазгы чабуулдарынан да баш тарткан жок. Алар негизинен өкмөт өкүлдөрүнө, күч түзүмдөрүнө кол салышат. Бирок бул чабуулдарда карапайым адамдардын да каны төгүлүүдө.

Өлкө ичинде ынтымак барбы?

Айтмакчы, Лоя Жырга Кабулдагы өкмөт менен “Талибан” тынчтык маселесин өлкөнүн ичинде талкуулап чечиши керек деп жатат. Бирок өлкөдөгү саясий күчтөр, атүгүл өкмөт ичинде бир пикир жоктугун ушул курултай көрсөттү.

Айрым оппозициялык саясатчылар Лоя Жыргага бойкот жарыялашкан. Алар "президент Гани оппозиция менен эсептешпей жатат" деп нааразы. Жыйын өтүп жаткан залдагы сахнага сүрөтү илингени менен аткаруу бийлигинин башчысы же премьер-министр даражасындагы Абдулла Абдулла да келген жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG