Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

«Талибан» дагы чабуул уюштурду


«Талибан» чабуул койгон имарат.
«Талибан» чабуул койгон имарат.

«Талибандын» Кабулдагы эл аралык уюмдун кеңсесине жасаган чабуулунан тогуз киши мерт болуп, дагы 20дан ашык киши жараат алды.

Жоочулар мусулмандардын ыйык орозо айы башталганына карабастан, күн сайын улам бир жерде чабуул уюштуруп келет. Гуманитардык максатта иш алып барган уюмга жасалган чабуулду Бириккен Улуттар Уюму сынга алды.

Ооганстандын расмий адамдарынын маалыматына караганда, 8-майдагы «Талибандын» «Каунтерпарт интернешнл» өкмөттүк эмес уюмуна кол салуусунан беш полиция кызматкери, бир кароолчу жана үч карапайым жаран көз жумган.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими куралдуу кагылыш күндүзгү саат 11де башталып, бир сааттай атышуудан болгондон кийин согушкерлердин баары өлгөнүн билдирди.

«Талибан» чабуул койгон имарат жайгашкан көчө.
«Талибан» чабуул койгон имарат жайгашкан көчө.

«Жанкечтинин чабуулу «Каунтерпарт интернешнл» коммерциялык эмес уюмуна каршы багытталган. Андан кийин төрт жоочу имаратка кирген.

«Полиция аймакты курчоого алып, атайын даярдыктагы күчтөр согушкерлердин баарын жок кылды», – деген Насрат Рахими «Каунтерпарт интернешнл» уюмунун 200 кызматкерин сактап калууга мүмкүн болгонун кошумчалады.

«Талибандын» өкүлү Забиулла Мужахид бул кол салууну «Батыштын зыяндуу аракеттери» жана «аял-эркекти аралаштырганы» үчүн алар жасаганын ырастады.

Бул кол салуу мусулмандардын ыйык орозо айында жана Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдер менен 18 жылдык согушту токтотууга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жаткан учурда болду.

«Албетте, көңүлүбүз кайт болуп, иренжип турабыз. Бир жагынан тынчтык сүйлөшүүлөрү болуп жатса, экинчи жагынан - жардыруулар, жанкечтилердин чабуулу. Бул биздин көңүлүбүздү чөктүрдү. Жүрөгүбүз тилинип турат. Анткени жакын досторубуздун бирин жоготтук», - деди Кабул шаарынын тургуну Масиулла Маликзай.

ЮСАИД менен кызматташкан «Каунтерпарт интернешнл» эл аралык уюму Ооганстанда 2005-жылы ачылган. Алар аялдарды колдогон долбоорлорду аткарып, коомдун башка да аярлуу катмарлары менен иш алып барат.

«Талибан» чабуул койгон имараттын алыстан көрүнүшү.
«Талибан» чабуул койгон имараттын алыстан көрүнүшү.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Жон Басс кол салууну «акылга сыйгыс» деп атап, эл аралык уюм жергиликтүү коомдорго жардам берип, журналисттерди окутуп, ооган элин колдоп келе жатканын белгилеген.

«Бул кол салуунун болгону өтө өкүнүчтүү. Ал ооган элине жардам берип жаткан аскердик эмес жарандарды бутага алды жана Орозо айында болуп отурат» деп айтылат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанды калыбына келтирүү миссиясы тараткан билдирүүдө.

Орозонун алдында, 3-майда Ооганстандагы 3200дөй уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайдын катышуучулары бардык тараптарды өлкөдө атышууну тезинен токтотууга чакырган.

Бирок «Талибан» кыймылы «Лоя жырганын» ок атышууну токтотуу жөнүндө чакырыгын четке каккан. Талибдер жума күнү тараткан билдирүүсүндө «Лоя жырганы» майнапсыз жыйын катары мүнөздөп, курултайдын Орозо айы башталгандан тартып кармашты токтотуу боюнча сунушун кабыл албай турганын белгилешти.

«Талибандын» өкүлү тараткан билдирүүдө «Рамазан айындагы «жихад» же «ыйык согуш» дагы көбүрөөк сыйлык алып келгени» айтылат. Анын жетекчилери жалпы элдик жыйынды «символикалуу» жана «жөндөмсүз» деп баалашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG