Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

«Талибандын» орозо алдындагы чабуулу


Ооганстан.
Ооганстан.

5-майда Ооганстанда «Талибандын» кол салуусунан коопсуздук күчтөрүнүн кеминде сегиз кызматкери мерт болуп, дагы ондогон киши жабыркады.

Бул мусулмандардын ыйык Орозо айы башталардын алдында болду. «Талибан» кыймылы анын алдында Орозо айы башталгандан тартып кармашты токтотуу боюнча сунушту кабыл албай турганын билдирген. Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибан» кыймылынын урушуна 18 жылга аяк басты.

Ооганстандын түндүгүндөгү Пули-Хумри шаарында «Талибан» кыймылы полиция башкармалыгына кол салып, коопсуздук күчтөрүнүн кеминде сегиз кызматкери мерт болду. Ал эми 55 киши, анын ичинде күч органдарынын 30дан ашуун кызматкери жарадар болгон. Бул тууралуу Баглан провинциясынын саламаттык сактоо департаментинин башчысынын орун басары Ахмад Бариз Сахибзада билдирди. Ал атышуу дагы эле уланып жаткандыктан, курмандыктар мындан да көбөйүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

«Талибандын» чабуулу болгон шаар.
«Талибандын» чабуулу болгон шаар.

Маалыматтарга ылайык алгач жанкечти өзүн жардырып, кийин согушкерлер полиция башкармалыгына чабуул коюп, имаратты ээлеп алышкан.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Насрат Рахими атышууда полиция үч согушкерди жок кылганын маалымдады.

«Атышуу токтогон жок, жарадарлар ооруканага жеткирилди», - деген жергиликтүү бийликтин өкүлү Асадулла Шахбаз аймакка башка провинциялардан кошумча күчтөр тартылганын кошумчалады.

Баглан провинциясындагы бул кол салуу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алып, анын согушкери полиция бекетинин жанында турган жардыруучу түзмөктү жардырып жибергенин маалымдады. Ушундан кийин куралдуу топ чабуул коюп, айрымдары полиция бөлүмүнүн ичине киргенге үлгүргөн.

Бул окуя Ооганстандагы «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү жалпы элдик курултайдын катышуучулары бардык тараптарды өлкөдө ок атышууну тезинен токтотууга чакыргандан кийин болуп отурат.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

«Мен элдин атышууну токтотуу боюнча калыс жана мыйзамдуу талабын аткарууга даярмын. Бирок атышууну токтотуу бир тараптуу болбошу керек. Эгер талибдер атышууну токтотууга толук даяр болсо, анда биз да анын техникалык жактарын карап көрүүгө даярбыз», - деп билдирген курултайда Ооганстандын президенти Ашраф Гани.

3200дөй уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген Кабулдагы төрт күндүк жыйын 3-майда жыйынтыкталган.

Бирок «Талибан» кыймылы «Лоя жырганын» ок атышууну токтотуу жөнүндө чакырыгын четке каккан. Талибдер жума күнү тараткан билдирүүсүндө «Лоя жырганы» майнапсыз жыйын катары мүнөздөп, курултайдын Орозо айы башталгандан тартып кармашты токтотуу боюнча сунушун кабыл албай турганын белгилешти.

«Талибандын» өкүлү тараткан билдирүүдө «Рамазан айындагы жихад же ыйык согуш дагы көбүрөөк сыйлык алып келгени» айтылат. Анын жетекчилери жалпы элдик жыйынды «символикалуу» жана «жөндөмсүз» деп баалашты.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин тынчтык маселелери боюнча өкүлү Омар Даудзай «Талибанды» сүйлөшүү баштоо тууралуу демилгеге кошулууга чакырууда.

«Топ азыр талибдердин талаасы тарапта. Алар азыр ооган өкмөтү менен сүйлөшө турган өкүлдөрүн аныктоо боюнча демилгени колго алышы керек. Сүйлөшүү кайда өтөт жана кандай механимдер болот - аны тиешелүү каналдар менен тактап алсак болот. Эң башкысы - алар ооган өкмөтү менен чогуу иштей турган адамдарын дайындашы керек».

«Лоя жырганын» жыйыны.
«Лоя жырганын» жыйыны.

АКШнын расмий адамдары менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан куралдуу кыймыл атышууну токтотуу жөнүндө чакырыктарды четке кагып, биринчи кезекте АКШ менен НАТОнун аскерлери аймактан чыгып кетишин талап кылып келе жатат.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетишүү максатында Катарда бир канча жолу жолуккан.

Талибдер «сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтү катышпасын» деген талап коюп келатышат. Алар буга «өкмөт - Батыштын тактекеси» деген жүйө келтиришкен. Ошол эле кезде алар бийлик менен сүйлөшүүлөргө чейин Ооганстандан чет элдик аскерлерди чыгарууну талап кылышкан.

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын 19-апрелде Дохада белгиленген тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы болбой калган. Буга катышуучулардын саны боюнча тараптардын тил табыша албаганы себеп болгон.

Залмай Халилзад 28-апрелде Ооганстанга барган учурда талибдерди өз жолун өзгөртүүгө, тынчтыкка келүүгө үндөгөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG