Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

«Талибандын» таламы, Кабулдун кадамы


«Талибан» кыймылынын жоочулары. Герат провинциясы. 27-май, 2016-жыл.
«Талибан» кыймылынын жоочулары. Герат провинциясы. 27-май, 2016-жыл.

Ооганстанда «Талибан» жазгы чабуулдарын баштай турганын жарыялады.

12-апрелде беш тилде, анын ичинде англис тилинде жарыяланган кыймылдын расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантаары жазылган. Байкоочулардын айтымында, жоочулар мындай билдирүүсүн жыл сайын жазда таратканы менен алардын чабуулдары жайы-кышы токтобойт.

Маселен, Бала Мургаб провинциясындагы талибдер менен беш күнгө созулган кагылышууда коопсуздук күчтөрүнүн кырктан ашуун өкүлү курман болгонун 8-апрелде Коргоо министрлиги кабарлаган.

«Талибандын» бул жолку билдирүүсү Катарда АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад, ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү жана талибдер өткөрө турган сүйлөшүүлөрдү утурлай таратылды.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад менен жолугуп жаткан учур.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад менен жолугуп жаткан учур.

14-апрелге белгиленген сүйлөшүүлөр беш күнгө жылдырылганын ооган өкмөтү бейшембиде жарыялаган. Былтыр күздө талибдерди ийге келтирүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү баштаган Халилзад өткөн жумада Ооганстандын бийлиги менен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Анткени расмий Кабул буга чейин өткөн бул сүйлөшүүлөргө катышпай, четте калганына нааразылык билдирип келген.

Ооган өкмөтүн Американын «тактекеси» деп атап, алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген талибдер бул жолу макул болушту. Бирок алар бийликтин өкүлдөрүн «катардагы оогандыктар» катары кабыл ала турганын эскертип жатышат.

11-апрелде «Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид кыймылдын сүйлөшүүлөргө катышып жаткан айрым мүчөлөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин санкциялар тизмесинен чыгарылганын билдирди. Ал бул тууралуу «Азаттык» радиосунун Пакистан кызматына маалымдады. AIP агенттиги «Талибандагы» өз булактарына таянып «Коопсуздук кеңеши туруктуу беш мүчө-мамлекеттин өкүлдөрү менен кеңешкенден кийин санкцияны тогуз айга алууну чечкенин» жазышты. Кийин талибдерге бул мөөнөт узартылганы айтылган.

Бирок бул маалымат тууралуу БУУнун же анын Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү азырынча комментарий беришкен жок.

Экс-президент Хамид Карзай Москвадагы сүйлөшүүгө делегацияны баштап келди. 5-февраль, 2019-жыл.
Экс-президент Хамид Карзай Москвадагы сүйлөшүүгө делегацияны баштап келди. 5-февраль, 2019-жыл.

АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад менен сүйлөшүүлөргө катышып жаткан топтун 14 мүчөсүнүн көбү Коопсуздук кеңештин «кара тизмесине» киргизилген. Ошол санкциялардан улам былтыр февралда талибдер Пакистанда белгиленген тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катыша алышкан эмес. Исламабадда өтө турган жыйынга Кабул да каршы чыгып, бул «Ооганстандын эгемендигин бузуу» болуп саналарын билдирген.

Ооганстандагы 18 жылдан бери токтобой келаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн Москва да уюштурган. Орусиянын баш калаасында февраль айында өткөн жыйынга Ооганстандын экс-президенти Хамид Карзай баштаган ооган коомунун өкүлдөрү кирген делегация жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү барышкан.

Өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына «Талибан» жана башка топтор үстөмдүк кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG