Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Ооганстандагы кол салуу 16 адамдын өмүрүн алды


Ооганстандын Нангархар провинциясында согушкерлердин кол салуусунан кеминде 16 киши көз жумду. Өткөн аптада да «Талибандын» чабуулунан 25 аскер мерт болгон. Нангархар провинциясында талибдерден тышкары «Ислам мамлекети» тобу да чабуулдарды уюштуруп келет.

Нангархар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Атаулла Хогиянинин айтымында, 6-мартта үч согушкер Жалалабад шаарынын башкы аба бекетинин жанындагы курулуш компаниясына кирип келип, анын экөө ошол жерде өздөрүн жардырган. Коопсуздук күчтөрү менен болгон атышуудан улам согушкерлердин баары окко учкан. Кагылыштан жалпысынан 16 киши көз жумду, анын көбү - курулуш компаниясынын кызматкерлери.

Аскер госпиталынын Хидаятулла аттуу дарыгери буларды айтты:

- Мен полициянын госпиталынан бул жерге саат 9да келдим. Имарат ичинен эки адамды алып чыктык. Анын биринин абалы оор болсо, экинчисиники туруктуу экен.

Бул кол салуу үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Нангархар провинциясында адатта «Талибан» кыймылы, ошондой эле «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу да коопсуздук күчтөрүнүн жана карапайым тургундардын өмүрүн алган кол салууларды уюштуруп келет.

Маселен, расмий маалыматтарда 28-февралдагы талибдердин чабуулунан ооган күчтөрүнүн 25 аскери мерт болуп, ал эми талибдердин тогуз согушкери, анын ичинде үч жанкечтиси өлтүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, куралдуу кагылыш америкалык кеңешчилер менен жоокерлердин бир бөлүгү да жайгашкан Гилменддеги Кэмп-Шораб аймагындагы аскердик базада болгон. «Талибандын» согушкерлери ондогон ооган жоокерлерин өлтүрүшкөнүн билдиришти. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган армиясындагы булагы маалымдагандай, атышууда базанын кол башчысы мерт болгон.

Соңку кол салуулар АКШнын Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жооптуу чабарманы Залмай Халилзад 18 жылдык согушту токтотуу максатында ооган талибдеринин делегациясы менен Катарда жолугушууларды өткөрүп келе жаткан учурга туш келди. Катардын тышкы иштер министри Абдулрахман ибн Жассим Аль-Тани 4-мартта жолугушуулар тууралуу буларга токтолду:

- Биз Ооганстанда тынчтыкты камсыздоого жана туруктуулукту орнотууга салым кошкон тараптардын баарынын ролун баалайбыз. Тынчтык күч жана согуш менен орнобосу белгилүү. Бул сүйлөшүүлөр аркылуу гана ишке ашат.

АКШнын Ооганстан боюнча өкүлү Залмай Халилзаддын «Талибан» менен буга чейинки болгон сүйлөшүүлөрүндө тынчтык планынын долбоору иштелип чыккан, бирок анын көп жагдайлары боюнча мунаса табыла элек. Ошол эле кезде талибдер Ооганстандын расмий бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартып, аны Батыштын «куурчак» өкмөтү деп мүнөздөгөн көз карашы менен түшүндүрүп келе жатат.

Айрым маалыматтарга караганда өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына «Талибан» жана башка топтор үстөмдүк кылат.

Ооганстанда 2018-жылы аскердик аракеттерден жана теракттан каза болгондордун саны акыркы 20 жылда катталган согушта каза болгондордон ашты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында айтылат.

Өткөн жылы жалпысынан 3800 киши өлүп, 7100 адам жарадар болгон. Алардын басымдуу бөлүгү «Ислам мамлекети» террористтик уюмуна же «Талибан» радикал кыймылына тиешеси бар жанкечтилердин жардырууларында курман болгон. Маалыматка караганда, 2018-жылы Ооганстандын аймагында 65 теракт катталган. 500дөй жаран АКШ жана анын өнөктөштөрү абадан койгон чабуулдарда каза тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG