Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Ооганстанда талибдердин чабуулу күчөдү


Согушкерлер кол салган аймакта жүргөн ооган аскери. 29-ноябрь, 2018-жыл.
Согушкерлер кол салган аймакта жүргөн ооган аскери. 29-ноябрь, 2018-жыл.

Ооганстанда талиб согушкерлери кайрадан коопсуздук бекетине чабуул коюшту. Дүйшөмбү күнү кабарлангандай, өлкөнүн батыш тарабында болгон кол салууда 21 кишинин өмүрү кыйылды.

Түркмөнстан менен чектешкен Багдиш провинциясынын эки башка жеринде болгон чабуулдар тууралуу расмий маалыматты бийлик 7-январда таратты. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Абдул Азиз Бектин айтымында, жоочулардын огунан 14 полициячы жана өкмөтчүл куралдуу кошуундун 7 жоокери набыт болду, 9 киши жараланды.

Расмий маалыматка караганда, кеминде 15 талиб согушкери жок кылынды, ону жарадар болду.

«Талибан» кыймылы билдирүү таратып, кол салууну уюштурганын моюнга алды. Талибдердин басма сөз катчысы Кары Юсуф Ахмади коопсуздук органдарынын жана өкмөтчүл кошуундардын 34 мүчөсү өлтүрүлгөнүн, көптөгөн курал-жарак талибдердин колуна өткөнүн айтты.

Багдиштеги окуянын эртеси, дүйшөмбү күнү чыгыштагы Пактика чөлкөмүндө жол боюндагы бомба жарылганда карапайым 5 киши мүрт кетти, он чактысы жарадар болду. Бул кезектеги карасанатайлык үчүн жоопкерчиликти эч ким моюнга албаганы менен, жергиликтүү бийлик өкүлү Мохаммад Расул Адел бомбаны талибдер коюп кетишкенин билдирүүдө.

Жоочулар өзгөчө акыркы жылдары ооган коопсуздук күчтөрүн, тартип коргоочуларды, аскерлерди бутага алган тактикага өтүшкөн. 17 жылдан бери тынбай келаткан согушту токтотуу аракеттеринен эч кандай майнап чыкпай келатат.

"Талибандын" жоочуларына каршы согушуп жаткан ооган армиясы. 6-январь, 2019-жыл.
"Талибандын" жоочуларына каршы согушуп жаткан ооган армиясы. 6-январь, 2019-жыл.

Ушул айда «Талибандын» өкүлдөрү менен АКШнын расмий адамдары кездешүүсү күтүлөт. Тараптар чет элдик контингенттин чегинишин жана жарашуу маселесин талкуулашмакчы.

Өткөн жумада америкалык вице-президент Майк Пенс президент Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлердин бир бөлүгүн чыгарууну караштырып жатканын билдирди. Анын алдында Трамп Пентагонго 7 миңдей аскерди же контингенттин жарымын алып кетүүгө даярдык көрүүгө буйрук бергени кабарланган.

Президент башка өлкөлөрдү, асыресе Орусияны, Пакистанды жана Индияны Ооганстандагы урушка көбүрөөк аралашууга чакырган. «Эмне үчүн Орусия, Индия же Пакистан ал жерде жок? Эмне себептен АКШдан миңдеген чакырым алыс жерде биз жүрөбүз?» – деген Трамп 2-январда кабинет жыйынын чагылдырган кабарчыларга.

АКШнын президенти Дональд Трамп. 6-январь, 2019-жыл. Вашингтон.
АКШнын президенти Дональд Трамп. 6-январь, 2019-жыл. Вашингтон.

Көптөгөн байкоочулар чет өлкөлүк аскерлердин санын азайтуу ансыз да оор абалды ого бетер кыйынчылыкка учуратарын эскертишүүдө.

АКШнын контингенти НАТО баштаган аскердик миссиянын негизги бөлүгүн түзөт. Ал ооган армиясын машыктыруу жана экстремисттик уюмдарга каршы күрөштө кеңеш берүү менен алектенет. Америкалык дагы 7 миңдей жоокер терроризмге каршы күрөш боюнча операциянын алкагында Ооганстанда жайгаштырылган.

Ооганстанда тынчтык орнотуу маселеси Түркия жазында өткөрүүнү сунуш кылган сүйлөшүүлөрдө да талкууланмакчы. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган 4-январда Анкарада Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында билдирген:

- Кудай буюрса бизде 3-мартта боло турган жергиликтүү шайлоодон кийин Стамбулда үч тараптуу саммит өткөрөбүз. Ооганстан, Пакистан жана Түркия катыша турган үч тараптуу бийик даражалуу жолугушуу көптөгөн маселелерди чечиш үчүн өтө маанилүү болмокчу.

Соңку айларда АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибандын» өкүлдөрү менен кеминде 3 жолу сүйлөшүү өткөргөн. Батыш колдогон өкмөттү кулатууну жана шарият орнотууну көздөгөн согушкерлер Кабулдагы бийлик менен түз диалогго каршы болуп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG