Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Ооган сүйлөшүүлөрү Кытайда уланат


«Талибан» кыймылынын лидерлери.
«Талибан» кыймылынын лидерлери.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын делегациясы өлкөдөгү согушту токтотууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуу үчүн Кытайга келди.

Бээжин акыркы кезде Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жигердүү аралашууда.

Бул сентябрь айында жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери келаткан сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон учурга туш келди.

Ал эми АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад ошондон бери тынчтыкты орнотуунун жолдорун талкуулаганы Ооганстанга биринчи жолу ушул дем алыш күндөрү келди.

"Оогандардын ич ара диалогу"

28-октябрда Ооганстандагы ок атышууну токтотуп, 18 жылдык согушка чекит коюуга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы Кытайда башталганы турат. Эки күндүк сүйлөшүүгө катышуу үчүн «Талибан» кыймылынын делегациясы Бээжинге келди. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахиндин буга чейин айтканына караганда, Кытай «Талибандын» делегациясын оогандардын ич ара диалогуна катышууга атайын чакырган.

Кытай сүйлөшүүлөр өтө турганын расмий жарыялаган эмес, бирок Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунин «Ооганстандын тынчтык жараянына жардам берүүгө» Бээжин даяр экенин айткан:

Хуа Чунин
Хуа Чунин

- Кытай оогандардын ортосундагы диалогду, анын ичинде ооган өкмөтү менен ооган талибдеринин диалогун колдойт. Биз тараптардын эркин сыйлоо менен Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү жана жарашуу процессине жардам берүүгө даярбыз.

Ооганстандагы "Tolo News" телеканалынын өз булактарына таянып кабарлашынча, Кытайдагы жыйында президент Ашраф Ганинин жети пункттан турган «тынчтык жана жарашуу планы» сунушталат.

Кытайдагы сүйлөшүүлөр бир нече күнгө жылып калды деген да маалыматтар чыгып жатат. Бирок ал тууралуу расмий кабарлана элек. Мурда да тараптардын сүйлөшүүгө катыша турган өкүлдөрүнө байланышкан карама-каршылыктардан улам жолугушуулар өтпөй калган учурлар болгон.

Хамид Карзай.
Хамид Карзай.

Кытайдагы сүйлөшүүгө бир катар коомдук ишмерлер, анын ичинде «Талибан» менен сүйлөшүү жүргүзүүнү жактап келген мурдагы президент Хамид Карзай да келе турганы күтүлүүдө. Ал Москвадагы жолугушууларга да катышкан.

Ал эми «Талибандын» делегациясын кыймылдын таасирлүү лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар жетектей турганы бегилүү болду. Ал өткөн жумада кытайлык дипломаттар менен Катарда кездешкен.

Өлкөдөгү согушту токтотууга багытталган, оогандардын ич ара диалогу деп аталган жыйын акыркы жолу июлда Катардын борбору Дохада өткөн. Ага «Талибан» кыймылынан тышкары белгилүү коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышкан.

Оогандардын өз ара диалогу «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүн жараштырууну көздөйт. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүнүн делегациясынын мүчөлөрү расмий бийлик өкүлү катары кабыл албай, ар бири өз атынан гана катыша турганын билдирүүдө.

«Талибан» кыймылы Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен бетме-бет отурган тикелей сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келе жатат.

Залмай Халилзад кайрадан Кабулда

Кытайдагы тынчтык сүйлөшүүлөрү АКШнын президенти Дональд Трамп сентябрь айында «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон учурдан кийинки мезгилге туш келди. «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотууга куралдуу топ жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурганы, андан америкалык жоокердин да курман болгону себеп болгон. Бирок ошондон кийин талибдер алдын ала макулдашылган тынчтык келишиминин талаптарын аткарууга даяр экенин билдиришкен.

Куралдуу топ АКШнын чабарманы менен болгон сүйлөшүүлөрдө Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетиши керек деп келишкен. Ошол эле кезде Вашингтон Ооганстанды согушкер топтор плацдарм катары пайдалануусуна жол берилбешине кепилдик болушу керектигин талап кылган.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан бери биринчи жолу Кабулга ушул дем алышта келди.

Залмай Халилзад жана Абдулла Абдулла. Кабул, 27-октябрь, 2019-жыл.
Залмай Халилзад жана Абдулла Абдулла. Кабул, 27-октябрь, 2019-жыл.

Ал 27-октябрда Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда «Ооганстанда тынчтыкты орнотуунун жолдору» талкууланды. Ооган саясатчысы Саид Хамед Гейлани да Халилзад менен жолукканын, АКШнын чабарманы «талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин» ишарат кылганын «Твиттерге» жазды.

Халилзад Кабулдан мурда бул айда Исламабадда, Брюсселде жана Москвада да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Вашингтон менен катар Кытай, Пакистан, Орусия да Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү максатында талибдер катышкан ар кандай деңгээлдеги жолушууларды уюштуруп келе жатышат. 25-октябрда Кошмо Штаттардын, Пакистандын, Кытайдын жана Орусиянын өкүлдөрү Москвада жолугушту. Алар бир ооздон сүйлөшүүлөр, анын ичинде Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы түз сүйлөшүүнүн эртерээк жанданышы Ооганстанда тынчтык орното турган жалгыз жол экенине токтолушту.

Талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт же таасири күчтүү деп айтылууда. Алар 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп, коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын байма-бай уюштуруп келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG