Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Ооган тынчтык сүйлөшүүсүнө Бээжин киришет


«Талибан» кыймылынын жетекчилери.
«Талибан» кыймылынын жетекчилери.

Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Кошмо Штаттар баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү Ооганстанга тынчтык орнотуучу келишим кабыл алынышын каалайт.

Алардын мындай мазмундагы биргелешкен билдирүүсү 22-октябрда АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад Брюсселде эки күндүк иш сапары менен жүргөндө жарыяланды. Ал ортодо «Талибан» менен тынчтык боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы эми Кытайда өтөрү белгилүү болду.

Батыш өлкөлөрүнүн жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Европа Биримдигинин биргелешкен кайрылуусунда «ар тараптуу жана туруктуу тынчтык келишимин» түзүш үчүн ооган өкмөтү, «Талибан» кыймылы, саясий лидерлер жана жарандык уюмдардын жетекчилери менен кызматташуу ниети жазылган.

Ошондой эле Ооганстандагы соңку президенттик шайлоодогу добуш берүүгө «айрым бир техникалык мүчүлүштүктөргө жана коопсуздук коркунучуна карабай» жогорку баа берилген. Чырдашкан тараптарга тынчтык сүйлөшүүлөрүн утурлай «ок атууну токтотуу» талабын сактоого чакырык ташталган.

Кайрылууда Ооганстан «Аль-Каида» өңдүү «эл аралык террорчул топтор байырлаган» өлкөгө айланбай, андай топтор менен карым-катнашын, аларды колдоосун тыптыйпыл токтошу керек экендиги белгиленген.

Ал арада «Талибан» кыймылынын таасирлүү лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар Катарда кытайлык дипломаттар менен кездешкени белгилүү болду. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахин Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы эми Кытайда өтөрүн жарыялады. Ага ылайык, алгачкы жолугушуу эмки аптада, 28-29-октябрь күндөргө белгиленди. Бээжинге 25 адамдан турган ооган делегациясы барат жана анын курамына өкмөт өкүлдөрү, жарандык коомдун лидерлери жана саясатчылар кирмекчи.

Кытай бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрү тууралуу азырынча үн ката элек. Ооган президенти Ашраф Гани жана анын администрациясы да буга байланыштуу комментарий берген жок.

Ооган басылмалары бул жолугушуунун алдында Москвада Орусиянын, Кытайдын, АКШнын жана Пакистандын өкүлдөрү катышкан төрт тараптуу кеңешүү өтөрүн жазып чыгышты.

Буга чейин АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад «Талибан» кыймылы менен ооган согушун токтотуу, тынчтык келишимин түзүү боюнча Дохада дээрлик бир жылдай сүйлөшүү өткөргөн жана иш оңунан чечилип калганын да кабарлаган. Бирок өткөн айда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп бул сүйлөшүүлөрдү биротоло бир тараптуу токтотуп койгон. Ага талибдердин чабуулунун күчөшү жана анда америкалык бир жоокер өлгөнү себеп болгон.

АКШнын коргоо министри Маркс Эспер өткөн аптанын соңунда Кабулга күтүүсүз барганда Вашингтон бул өлкөдөгү аскерлеринин санын 8600гө чейин азайта аларын, бул террорчулукка каршы күрөшкө залалын тийгизбей турганын айткан. Ошол эле учурда ал америкалык аскерлерди алып чыгып кетүү планы талибдер менен түзүлгөн тынчтык келишиминин алкагында гана чечилерин бышыктаган.

Пентагондун башчысы Кабулду АКШнын Ооганстандагы вазийпасы «узак» болорун айткан жана «Вашингтон бул өлкөдөгү жоокерлерин Сириядагыдай алып чыгып кетпейт» деп билдирген:

Марк Эспер.
Марк Эспер.

- Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, биздин коопсуздук жаатындагы Ооганстан менен кызматташтыгыбыз күчтүү бойдон калат. Биздин Ооганстандагы миссиябыз өзгөргөн жок. Биз ооган улуттук коопсуздук күчтөрүн колдоп, террорчулукка каршы операцияларыбызды улантабыз. Кошмо Штаттар мурдагыдай эле оогандардын бейпил, туруктуу жана өсүп-өнүккөн өлкө курушуна көмөктөшө берет. Биз ооган элин азапка салып, кан жуттурган «Талибандын» жана башка топтордун чабуулуна каршы аёосуз аскердик операцияларыбызды улантабыз.

Эсперге удаа эле Ооганстанда АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси баштаган Конгресстин жогорку даражалуу өкүлдөрү да болгон.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү кайра жанданышы мүмкүн экени ушул айдын башынан тартып белгилүү боло баштаган. Анда Залмай Халилзад «Талибандын» таасирлүү лидери Абдул Гани Барадар молдо менен менен Пакистанда жолукккан. Бирок Кошмо Штаттардын чабарманы Исламабадга атайын талибдер менен жолукканы барганын жокко чыгарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG