Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Кабулда бир күндө үч теракт болду


Кабулдагы жардыруу болгон жер. 25-июль 2019-жыл
Кабулдагы жардыруу болгон жер. 25-июль 2019-жыл

Ооганстанда бейшемби күнү үч башка жерде болгон кол салуу 50дөн көп кишинин өмүрүн кыйды. Теракт АКШ Ооганстанда тынчтык орнотуу максатында талибдер менен келишим түзүү аракетин көрүп жаткан маалда болду.

25-июлда эртең менен борбор шаар Кабулда үч жардыруу катталды. Жанкечти өкмөт кызматкерлерин ташыган автобустун жанынан өзүн жардырып жибергенде Тоо-кен министрлигинде иштеген беш киши каза тапты. Ондон ашуун адам жараат алды.

Ошол эле райондо болгон экинчи жардырууда жети киши мерт болуп, 20дан ашууну жараат алды.

Көп өтпөй башкалаанын чыгыш тарабында дүрмөттөлгөн машине жарылды.

Талибан кыймылынын маалымат өкүлү Забихулла Мужахид бул кол салууну алар уюштурганын, “чет өлкөлүк баскынчылардын” кербенин бутага алышканын айтты.

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюму Кабулдагы эки жардыруунун артында турганын өзүнүн пропагандалык "Амак" агенттиги аркылуу билдирди. Террордук топ жардыруулардын кайсынысын айтып жатканы түшүнүксүз.

Жыл башынан бери борбор калаада ушуну менен 13чү теракт катталды. Кол салууларда 70тен ашык киши өлүп, 500дөн көбү жараланды.

Жардыруулар америкалык аскердик жогорку командачы Кабулда АКШ жана НАТОнун расмий адамдары менен жолугуп жаткан маалда болду.

Вашингтон Ооганстанда тынчтык орнотуу максатында талибдер менен келишим түзүү аракетин көрүп келет. Өткөн жылдын аягынан бери АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад Катардын борбор шаарында Талибандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү.

Ушу тапта дипломат эмки аптада өтчү кезектеги жолугушуунун күн тартибин талкуулоо үчүн Кабулда жүрөт. Тараптар мунасага келе албай жатканына карабай сүйлөшүүлөрдө жылыш байкалганын айтып келишет.

Бирок Талибан Ооганстандын өкмөтүн Вашингтондун "кол баласы" деп атап, Кабулдан келген расмий өкүлдөр менен жолугушуудан баш тартууда.

Ал арада Пакистандын премьер-министри Имран Хан 23-июлда Вашингтондогу сапары учурунда өлкөсүнө кайтып бараары менен талибдердин өкүлдөрү менен кездешерин, аларды Кабул бийлиги менен сүйлөшүүлөргө барууга көндүрүү аракетин көрө турганын айтты.

Талибдер азыр Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт. 2001-жылы бийликтен кулатылгандан бери кыймыл мынча көп аймактарды колго алган эмес.

25-июлда Нангархар чөлкөмүндө жолго коюлган бомбанын жарылуусунан тогуз карапайым киши – арасында алты аял жана үч бала каза тапты. Кичи автобус бир үй-бүлөнү үйлөнүү тоюна алып баратып бомбага кабылганын жергиликтүү бийликтин кеңсеси билдирди.

Ошол эле күнү түндүктөгү Тахар провинциясында талиб жоочулары коопсуздук кызматынын жайына чабуул коюп, кеминде 35 полициячы жантаслим болду. Андан кийин тутанган ок атышууда 12 киши, анын ичинде алты тартип коргоочу жараат алды. Ага чейин, 24-июлда Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абулланын басма сөз катчысы жергиликтүү “Толо” телеканалына Талибан өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү баштаса, 28-сентябрда өтө турган президенттик шайлоого катышары мүмкүн деп билдирген.

Үгүт кампаниясы үч күндөн кийин башталат. Мамлекет башчылыкка 17 талапкер, анын ичинде президент Ашраф Гани ат салышууну көздөп жатат.


«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG