Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Новосибирскиден чыга албай калгандар үчүн Бишкекке учак уюштуруу маселеси чечилгени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Новосибирск шаарынан учуп келе албай жаткан кыргызстандыктар үчүн учак уюштуруу маселеси чечилгени айтылды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Толмачево» аэропортунун транзиттик зонасында камалып калгандардын бири, өзүн Максат Осмоналиев деп тааныштырган жаран билдирди.

Осмоналиев аэропорттун жетекчилиги менен өз алдынча сүйлөшүп, шаарга чыгууга уруксат алышканын, эми 11-апрелге деп пландалган каттамга үмүт артылып жатканын айтты.

Тышкы иштер министрлиги жана элчилик бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

«Азаттык» буга чейин кабарлагандай, алты кыргызстандык 26-мартта Новосибирскке Вьетнамдын Нячаң шаарынан учуп барып, 27-мартта Бишкекке учмак. Бирок каттам токтогондуктан аэропорттун транзиттик зонасында калышкан.

Алардан тышкары дагы 100дөн ашуун кыргыз жараны ошол эле шаардан Бишкекке каттам күтүп жатат. 132 кыргызстандык ошол жактын мейманканаларына убактылуу жайгаштырылганын 3-апрелде Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлаган.

31-мартта коронавируска байланыштуу Новосибирск облусунда адамдардын көчөгө чыгышына убактылуу тыюу салынган.

Бул шаардын аэропортунда Кыргызстанга кайта албай, топтолуп турган кыргызстандыктардын саны 203 адам экенин алар өзүлөрү «Азаттыкка» билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG