Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Тажикстанда райондук оорукана карантинге алынды


Тажикстандагы ооруканалардын бири. 2018-жыл.
Тажикстандагы ооруканалардын бири. 2018-жыл.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги Согди облусундагы ооруканалардын бири карантинге жабылганын ырастады. Бул тууралуу адегенде «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлап, Жаббор Расулов аттуу райондук ооруканада 60 жаштагы киши каза болгондон кийин чектөө киргизилгенин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлиги ал адам коронавирустан эмес, 31-мартта өпкөнүн сезгенишинен (пневмония) каза болгонун билдирет. Ошентсе да райондук оорукананын кызматкерлери жана маркумдун жакындары карантинге алынган. Медиктердин дене табы жогорулап жатканын, бирок алгачкы анализдер коронавирус жок экенин көрсөткөнүн да министрлик тактады.

Райондук ооруканадагы бул окуя тажик социалдык сайттарында кызуу талкууланууда. Көпчүлүгү маалыматты жашырууда деп бийликти күнөөлөп жатышат.

Тажик өкмөтү өлкөдө коронавирус жуккан адам катталбаганын, ал эми 1-февралдан 6-апрелге чейин чет өлкөлөрдөн келген 7 миңден ашуун киши коронавируска текшерүүдөн өтүшкөнүн билдирет. Алардын 4300гө жакыны үйүнө чыгарылса, калганы дагы эле карантинде.

XS
SM
MD
LG