Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Артыкбаев жана Исмаилова боюнча чечимдер БШКга түшө элек


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Осмонбек Артыкбаев жана Аида Исмаилова боюнча расмий чечимдер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) түшө элек. Бул тууралуу 6-апрелде «Азаттыкка» комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, бош калган мандатты өткөрүп берүүнүн жол-жобосу Жогорку Кеңештин депутаттары жөнүндөгү конституциялык мыйзамда жазылган. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу маселени кароого тийиштү мекемелерден келген чечимдер негиз болот.

Бекматов белгилегендей, өлкөдөгү соңку кырдаалга байланыштуу бул маселелер качан каралары азырынча белгисиз.

«Артыкбаев боюнча сот өкүмү бизге расмий келип түшө элек. Келсе биз отурумубузда карап, тиешелүү чечим кабыл алабыз. Исмаилова боюнча деле ошондой. Азыркы шартка жараша качан болот, билбейбиз», - деди ал.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүмү чыгып, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. 2020-жылдын март айында Бишкек шаардык соту райсоттун өкүмүн дээрлик күчүндө калтырган. Артыкбаев 2015-жылы КСДП тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Аида Исмаилова 2015-жылы «Республика - Ата Журт» партиясынан депутат болгон. Ал 2020-жылдын 1-апрелинде социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалды. (RK)

XS
SM
MD
LG