Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Исаков, Сатыбалдиев жана Авазов колонияга өзгөчө абал аяктаган соң которулат


Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Салайдин Авазов.
Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Салайдин Авазов.

Өзгөчө абал аяктагандан кийин Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана Салайдин Авазов колонияларга бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу 7-апрелде Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) кабарлады.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча соттолгон мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган. Буга аларга карата соттун өкүмү күчүнө киргени негиз болгону айтылган.

Бирок Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов ага коюлган айыптар боюнча соттун өкүмү толук чыга электе абакка которулушун туура эмес деп баалаган. Токтакунов белгилегендей, Исаковго козголгон экинчи иш, тактап айтканда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум аягына чыга элек. Бул иш Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралууда.

Свердлов райондук сотунда ЖЭБ боюнча өкүм 2019-жылдын 6-декабрында чыгып, аны Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында күчүндө калтырган. (MiK)

XS
SM
MD
LG