Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Иран ЭВФтен каржылык жардам сурады


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани Эл аралык Валюта Фондун (ЭВФ) пандемияга каршы күрөш үчүн каржылык жардам берүүгө чакырды.

«Биз да Эл аралык Валюта Фондунун мүчөсүбүз. Насыя берүүдө дискриминация болбошу керек», - деди Роухани 8-апрелдеги өкмөттүк жыйында.

Өткөн айда өлкөнүн Борбордук банкы ЭВФтен 5 миллиард доллар сураган. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан фонддун расмий өкүлү өтүнүчтүн негизинде Иран расмий адамдары менен сүйлөшүү башталганын билдирген.

ЭВФтин маалыматына караганда, Тегеран бул кредитордон өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери жардам ала элек.

Иран - коронавирустан катуу жабыркап жаткан мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда илдетке чалдыккандар 63 миң кишиге жетип, алардын 4 миңге жакыны көз жумду. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер, эркин маалымат каражаттары бийлик анык санды эмес, азайтылган статистиканы көрсөтүп жатканын айтып келишет.

Пандемия ансыз да Кошмо Штаттардын санкцияларынан жабыркап турган Ирандын экономикасына катуу сокку урду.

Мурдараак Тегеран өзү, бир нече өлкө жана БУУ, америкалык айрым саясатчылар, укук коргоочулар Кошмо Штаттардын бийлигин санкцияларды бошоңдотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG