Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Пакистанда кыргызстандык жаран коронавирустан каза болду


Кыргызстандык дааватчылар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык дааватчылар. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 73 жаштагы жараны коронавирустан Пакистанда көз жумганын 10-апрелде Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Министрликтин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаевдин «Азаттыкка» кыскача билдиргени боюнча, маркум Райвинд шаарынан 60 чакырым аралыктагы Кала провинциясында карантинде турган.

Пакистанда дааватта жүргөн кыргызстандык жаран коронавирустан өлгөнүн жергиликтүү «The News» басылмасы 9-апрелде жазган. Анда маркум «Таблиги жамааттын» мүчөсү болгону белгиленген. Басылма ошондой эле кыргызстандык жаран диабет менен жабыркап жүргөнү аныкталганын, 1-апрелде карантинден ооруканага которулганын да жазган.

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдө COVID-19 инфекциясын жугузган 31 кыргызстандык бар экенин 9-апрелде кабарлаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG