Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикасы 5 миллиард сом зыян тартты. Анын ичинен салыктардан 1,5 миллиард сом, бажы төлөмдөрүнөн 3,8 миллиард сом түшпөй калды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-апрелде республикалык штабдын жыйынында билдирди.
Өкмөттүн аппараты тараткан маалыматка ылайык, Абылгазиев бюджеттин чыгаша бөлүгү кыскартылып жатканын айтып, эл аралык финансы уюмдарынан келчү каржылык жардам тууралуу буларды белгиледи.
«Тышкы жардамдын көлөмү боюнча айтсак, болжолдуу түрдө 450 миллион АКШ долларын түзөт. Бул каражат бюджетти жана бизнести колдоого багытталат», - деди Абылгазиев.
Кыргыз өкмөтү бул акчаны коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы күрөшүү, кризистен кийинки мезгилде бюджетти жана экономиканы колдоого жумшаганы жатат. Финансы министрлигинин алдын ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 миллиард сомго чейин толбой калышы мүмкүн.
Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга 120,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген. Андан тышкары Дүйнөлүк банк 12 млн. доллар бермек болду, мунун жарымы насыя, жарымы грант түрүндө. Германиянын GIZ уюмунан гуманитардык жардам катары 550 миң евро грант катары берилет.
Ал эми Азия өнүктүрүү фондунан 100 млн. доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 100-150 млн. доллар жана Ислам өнүктүрүү банкынан 11 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. (BTo)